Алмаз Тажыбай: “Путинден сыйлык алган Рахмон Россиянын кызыкчылыгын коргойт”
-- 70 жашка таяган Рахмонго Путин сыйлык тапшырды. Баткендеги оор акыбалдан кийин булардын мамилелерине кандай ой жоруйсуз?
-- Россия Украинага кол салуудан баштап экономикалык жана саясый санкцияга кабылып, күндөн-күнгө жабык өлкөгө айланып баратат. Бул Россияга, так айтканда, өз элинин алдында аброюн түшүрбөш үчүн жана орус пропагандасынын максатында Путиндин кылып жаткан саясаты.
Дүйнөгө өз алдынча эркин геосаясат жүргүзүү үчүн жана Путиндин “Россиядагы достук өлкөлөр” деген саясатын алдын ала билип, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев ушул жылдын ортосунда чет өлкөлөрдүн сыйлыктарынан атайын баш тарткан. Ал эми орус мамлекетинин империя идеясын көздөгөндөр, колдогондор жана Путиндин саясатына окшоп өз өлкөлөрүндө кош бийлик жүргүзгөндөр ала беришет. Рахмон, Лукашенкого окшогондор, албетте, сыйлык алганы менен сыймыктанышат. Ошентип Александр Невский же башка Россиянын төш белгилерин берип, Путин Россиянын кызыкчылыгын колдогон өлкөлөрдүн чектерин бекем белгилөөдө. Ушундай сыйлык алган лидерлери жана анын астындагы өлкөлөр, менимче, Россиянын карамагында болуу геосаясаты.
Жаныбарлар өз территориясына заара менен белги койгондой, Путиндин да кызмат учурунда берилген сыйлыктарын ошондой кабыл алыш керек. Ошондуктан Касым-Жоомарт Кемелович туура саясат жүргүзүп жатат!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити