Акыркы кабарлар
» Саясат » «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси энергетика министринин орун басары болду
«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси энергетика министринин орун басары болду
16-ноябрь, 12:13
291 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген. Андан кийин кызматтан кетип, 2022-жылдын июлунда кайрадан «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилигине келген.
Энергетика министри быйыл октябрь айында алмашып, Доскул Бекмурзаевдин ордуна Таалайбек Ибраев дайындалган.