Ысык-Көлдүн сезонунда Илияз Иманбетов иштей албай кашаңдыгын көрсөттү


Ушундай. Ысык-Көлдүн губернатору Илияз Иманбетовдун иштей албай атканын сезон башталгыча эле жазып, коңгуроо какканбыз. Көп өтпөй президент да сөгүш берген. Бирок, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Эң элементардуу көйгөй – көрүнүктүү жерлердеги тазалыкты сактоого шаасы жетпей мукурап келет. Садыр Жапаровдун эскертүүсүнөн кийин кичине кыймылдап, иштесе болбойт беле? Көрсө, Иманбетовдо уюштуруучулук жөндөм, эл башкаруу жагынан кымындай да талант жок экен. Тек гана “көлдүк” деген ат менен кызматында кармалып тургандай. Качанкыга дейре уйкусурап отурат? Негизи Ысык-Көлдү түрө кыдырып, карапайым калктын кем-карчын угуп, колунан келген ишин жасаса болмок да. Тилекке каршы, былгып жатат. Сезон маалында туристтерди кызыктырган иш-чараларды, форумдарды өткөзсө болбойт беле? Конокторду, эс алуучуларды көгүлтүр көл жээгине тарта турган идея, демилгелер менен чыкса жарашмак. Бирок, алгылыктуу саамалыктарды уюштурууга Иманбетовдун идиреги жетпеди. Көлөкө сымал эле карааны жүрөт. Облустагы жетекчилер да бул эргулду тоготушпай, өз билгендери менен алектенип жүрүшкөнү маалымдалды. Жыйынтыгында, дагы канча убакытка чейин “кашаң кадрды” эркелетип отурушат? Өтө өкүнүчтүү...
"Азия Ньюс" гезити











