Артур Медетбеков: “Жаныш, Курманбек Бакиевдер НДПКга бир тыйын берген жок”

-- Артур мырза, сиздердин НДПК эмне болуп атат, чоо-жайын өзүңүздөн уксак?
-- Бишкек шаардык кеңешинде НДПК ат салышып, анда 3-орунду ээлеп, 15 миң добуштун ээси болду. Баардык шайлоо участкаларында биздин партиянын мүчөлөрү катышып, агитация, пропаганда, партиянын программаларына түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Ошон үчүн ушундай жеңишке ээ болду десек болот. Экинчиден, шайлоочулар бизге ишенип добуштарын берип атат. Себеби, партия мүчөлөрүнүн арасында согуштун, укук коргоо органдарынын ардагерлери, коомдук ишмерлер, прогрессивдүү жаштар, шаардык кеңеште иштеп кеткен мурдагы кызматкерлер, ордо калаанын баардык көйгөйүн түшүнгөн адамдар бар. Бирок, тилекке каршы, жекшемби күнү түнкү саат экиде Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын (БШШК) чечими менен НДПКны катардан чийип салганы бизди да, шайлоочуларды дагы абдан таңгалдырды. Биз буга макул эмеспиз. Себеби, БШШК өздөрү шайлоо кодексин бузуп, ушундай мыйзамсыз жолго барганын баардык юристтер, укук коргоочулар белгилеп жатышат. Шайлоо кодексине ылайык БШШК андай шайлоодон НДПКны же башка партияны чыгарууга укугу жок. Ал укукту Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) гана ала алат. Ал дагы соттун чечиминин негизинде, күнөөлөрү далилденсе. Ал эми келтирип атышкан эки мисал тең ойлонуп чыгарылган пикирлердин, имиш-имиш, фейктердин негизинде болуп атат.
-- Сиздердин НДПК кандайдыр бир каршылык акциясын кыласыздарбы?
-- Биз 2005-2010-жылдардагы шайлоо убагында жана шайлоодон кийинки болгон окуяларды, ошонун натыйжасында чыккан чатактарды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Дайыма шайлоо болуп атканда жергиликтүү шайлоо комиссиялары өздөрү провокациялык иштерге барганы биз үчүн түшүнүксүз. Себеби, биздин шайлоочулардын көбү БШШКнын чечимине каршы болуп, укук деңгээлинде өздөрүнүн позициясын билдириш үчүн ар кандай пикет, митингге чейин барганга аракет кылышкан. Бирок, биз алардын баарын токтотуп, мыйзам чегинде өзүбүздүн арызыбыз менен БШКга кайрылып, алар адилеттүү чечип беришин талап кылып турабыз.
-- Кимдир бирөөнүн таасиринен улам ушундай жагдайга туш келбедиңер бекен?
-- НДПК 10 жылдан бери шайлоолорго, шайлоо процесстерине катышып келген, катыша берет. Бул чечимге кандайдыр бир чиновниктер же кандайдыр бир адамдар таасирин тийгизип, ушул боюнча НДПКны четтетсе, алар терең жаңылышат. Абдан туура эмес, алар үчүн чоң ката кетирген болот.
-- “Бу жолку партиянын шайлоо каржысына Бакиевдердин тийешеси бар” деген кеп коомчулукка желдей тарады...
-- Бакиев Жанышы дагы, Курманбеги дагы эч убакта биздин партияга бир тыйын да берген эмес. Алардан албайбыз дагы. Мунун баары жалган ушак, көралбаган акмактар ар дайым тескери маалыматтарды чыгарып, таркатып жүрүшөт. Дале таркатып атышат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити