Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матраимовго жукпаган каралоо, же «Азаттыктын» көз жаздымда калтырган фактылары

Матраимовго жукпаган каралоо, же «Азаттыктын» көз жаздымда калтырган фактылары

29-ноябрь, 13:21
1 488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күнгө чейин «Азаттык» радиосу Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион АКШ доллары тууралуу эки ирет журналисттик иликтөөсүн жарыя кылды. Бул иликтөөсү менен аталган маалымат каражаты коррупцияга каршы аракет жасагандай, ошол чыгарылып кеткен миллиондордун ээси ким экенин далилдеп жаткандай түр жараткысы келген. Бирок, ал иликтөөдө өтө эле көп жагдайлар көз жаздымда кала берген, же балким атайылап көз жаздымда калтырылган. 

Ошол чыгарылып кеткен миллиондор кимдики эле? Иликтөөдө Саймаити өзү айткандай, ал акчалар өзбекстандык ишкерлердин Кыргызстан аркылуу товар алуу үчүн жөнөтүлгөн акчалары болгон. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, 700 млн. доллар Кыргызстан аркылуу 2011-2017-жылдар аралыгында чыгарылган. Өзбекстандан чындап эле ушунча жүздөгөн миллион долларлар Кыргызстан аркылуу өтүп келгенби? деген суроо менен биз өз алдыбызча иликтөө жүргүзүп көрдүк. 

Биз адегенде эле Өзбекстандын телеканалдарынан буга чейин көрсөтүлгөн маалыматтарга көңүл бурдук. Андагы айтылган фактыларга таянсак, Өзбекстандан бир жылда бир нече миллиондогон долларлар Кыргызстанга ташылат экен. Өзбек телеканалдарында көрсөтүлгөн бир нече видеоматериалдарда кыргыз-өзбек чек ара постторунан Өзбекстандан Кыргызстанга миллиондогон долларларды накталай алып өтүп бараткан жеринен бир нече жолу өзбекстандык да, кыргызстандык да жарандар кармалган. Мисалы, Рахматулло Ахмедов аттуу жаран чек ара аркылуу 2 миллион доллардан ашуун каражат алып өтүп баратып колго түшкөн. Дагы бир видеоматериалда Абдулхай Мухадасов аттуу жаран дагы жеке машинасы менен 1 млн. 763 миң доллар алып баратып кармалган. Дагы бир 56 жаштагы Абдурахмон Ерматов аттуу киши 1 млн. 771 миң 650 доллар алып өтүп баратып кылтакка илинген. Ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде анын жанынан дагы 3 млн. 534 миң 650 доллар табылган. Мына ушундай ири суммадагы акча каражаттары менен кармалган өзбекстандык жарандар өтө эле көп болгон. Кармалбай калгандары канча болушу мүмкүн?

Мындан сырткары, «Азаттыктын» иликтөөсүндө 5 килограммга жакын алтындарды да көрсөтүп, аны Райым Матраимовдуку (!) дегиси келген. Аны көргөн карапайым кыргызстандыктар: «Чын эле биздин аткаминерлер өлкөдөн ушунча алтынды чыгарып кеткенби?» деген ойдо калышы мүмкүн. Бирок, өзбекстандык телеканалдардын биринен көрсөтүлгөн видеоматериалга таянсак, 2018-жылы Өзбекстандын улуттук коопсуздук комитети дал эле «Азаттык» көрсөткөндөгүдөй алтындарды кармаганын билдирген. Алтындардын формасы дагы, үстүндөгү кара түс менен жазылгандар дагы окшош. Демек, бул алтындар бир жерден чыккан десек толук болот, тактап айтсак, Өзбекстандын Фергана облусунан. Бул жерде да «Азаттык» «бул алтындар кыргыз чиновниктериники» деп калктын башын айлантканын түшүнөбүз. Ал өз иликтөөсүндө ушундай алтындар Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу чет жактарга байма-бай эле чыгарылып турарын айткан эмес. Ошол өзбекстандык телеканал аркылуу көрсөтүлгөн видеоматериалда да алтындын салмагы 5 килого чукул экени айтылып, аны өзбекстандын жараны Акбар Туроев Кыргызстанга Шүкүржон Халмудинов аттуу жаранга алып барып бермек болгону айтылган. 

Эмне үчүн «Азаттык» радиосу мына ушул фактыларды иликтеген эмес? Же «Азаттыктын» максаты Саймаити аркылуу бир гана Матраимовду каралоо болгонбу? Себеби, «Азаттык» чет мамлекеттерге которулган акчалар тууралуу иликтөө жасаганда баардык фактыларга көңүл бурушу керек эле да. Саймаити 2017-жылдан кийин Хабибулла Абдыкадыр менен иш жүргүзбөй калса дагы, «Азаттыктын» иликтөөсү чыккан учурда дагы (биринчиси) миллиондорду чет жактарга чыгарып иштеп турган. Буга далил катары Саймаитинин акча ташып иштеген адамдарынын бирин Кыргызстандан өлтүрүп кетишкенин «Азаттык» иликтөөсүндө айткан. Ал учурда Саймаити Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу аталган маалымат каражатына документтерди берип аткан (Алинин айтуусу боюнча). Мындан сырткары, Саймаитинин мыйзамсыз иштеринен улам анын жакын туугандары да Кытайда түрмөдө жатары белгилүү болду. 

Мындан улам «Азаттык» Саймаитинин 2017-жылга чейинки чыгарган миллиондорун иликтеп, андан кийинки убактагы чыгарган акчаларына эмнеге кызыккан эмес? Же Саймаити чыгарган миллиондор Өзбекстандык ишкерлердин Кыргызстан аркылуу чет мамлекеттерге чыгарган акчалары экенин кыргыз коомчулугу билбеш керек беле? 

«Бул акчалар Өзбекстандан Кыргызстанга «черный вход» менен өткөн. «Черный вход»» менен өтпөсө, Өзбекстанда доллар көтөрүп жүрүү кооптуу. Ал акчалар Кыргызстанга келип, банктар аркылуу «адалдандырылып», чет мамлекеттерге которулчу, ошол эле убакта башка мамлекеттерден Кыргызстанга келген да акчалар бар да», - деп айтып жатпайбы Саймаити? Балким, ал дагы көп нерселерди айткан болушу мүмкүн. Балким, ошол эле алтындар тууралуу да айткан. Анан аны Али Токтакунов «Саймаити эми өлүп калды, эч нерсе дей албайт да» деп өздөрүнүн кызыкчылыгына төп келе турган жерлерин гана кыркып алган. 

Дагы бир жагдай, ошол Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити менен жакын достук мамиледе болгонун Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов «Азаттыкка» айтып берген. Бирок, «Азаттык» андан эмне үчүн алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн Саймаити менен депутаттын жакын мамиледе болгонун сураган эмес. Ошондой эле иликтөөдө каарман болгон, Саймаитинин өнөктөшү делген Назия Турдалиева да мурда соттолгон экени башкы прокуратуранын сайтында илинип турат. Ошондо «Азаттык» маалыматтарды алып жаткан каармандары өздөрү оор кылмыштарды жасап жүргөн адамдар болуп жатабы? 

«Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө Саймаити менен анын аялы Райым Матраимовго тиешелүү «Исмайыл Ата» фондуна 2 млн. 338 миң 700 доллар которгон (!) деп бир документтерди көрсөткөн. Бирок, Али Токтакунов көрсөткөн документтер жасалма болуп чыкканын жалпы коомчулук билет. Анда коюлган кол тамгалар жасалма экенин «Азаттыктын» экинчи иликтөөсүндө Саймаити өзү да мойнуна алып, документти ким жасап койгонун билбей турганын айткан. Ошондо «Азаттык» жасалма документ аркылуу адамдын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирип жатпайбы. Кийинки иликтөөсүндө ошол документтер жасалма болуп калганын Али Токтакунов өзү да моюнга алганы менен жалган маалымат таратканы үчүн коомчулуктан кечирим сурап да койгон эмес. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жалган маалымат тараткан журналист жана редакция кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын «Азаттык» деле жакшы билсе керек. 

Эми «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү каарман Хабибулла Абдыкадыр менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кандай мамилеси бардыгына токтололу. Ырас, «Азаттык» өз иликтөөсүндө АШАнын аты-жөнүн таптакыр атаган эмес. Хабибулла Абдыкадыр менен Алмазбек Атамбаевдин таптакыр байланышы жоктой эле мисирейип коюшкан. 

Бирок, көп өтпөй эле интернет булактарында Хабибулла Абыдкадыр менен Алмазбек Атамбаевдин достордой кучакташып түшкөн сүрөтү (алардын жанында Раиса Атамбаева да турган) тараган. Ошол замат эле «бул фейк сүрөт, монтаждап коюшкан» дегендер да болгон. Бирок, Кыргызстанда чыккан күмөндүү маалыматтарды аныктап, жалган же чын экенин текшерген «Факт-чек» сайты сүрөттү бир нече ирет иликтеп, анын монтаж эмес экенин далилдеди. Анан дагы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да бул сүрөттү жасалма эмес деп, Атамбаев менен Абдыкадырдын достук мамилеси болгонун ырастады. 

Көрсө, Атамбаевдин бир убакта мактанып: «Менин чет өлкөлүк бай досторум көп, ошолор жардам берип турат» деп жүргөнү дал ушул Хабибулла Абдыкадыр тура. Ал ошонун жеке самолету менен учуп, ага хансарайларды, мечитти курдуртуп, каражаттарын пайдаланып жүрүп, анан эми «Мен Хабибулланы таанычу эмесмин, аны менен мени Сооронбай Жээнбеков тааныштырган» деп бет тырмоочулук кылып чыкканы адамдык абийирге туура келеби? 

Ошентип, Атамбаев менен Хабибулла Абдыкадыр дос жана өнөктөш болуп жатса, аны «Азаттык» эмнеге жаап-жашырып жатат? Же чын эле Хабибулла менен Атамбаевдин байланышы болбой, Райым Матраимов менен гана байланышы болгонбу (?) деп да кызыгып көрдүк. Баарыбызга белгилүү болгондой, Райым Матраимов мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен мыйзамсыз бошотулуп жатат. Эгерде Хабибулла менен Матраимовдун ортосунда гана мамиле болгон болсо, анда Атамбаев Матраимовду кызматтан алгандан кийин Хабибулланын да ишин кысымга алат эле да. Тескерисинче, Райым Матраимов кызматтан алынгандан эки айдан кийин премьер-министр Сапар Исаков Хабибулла Абдыкадырга тиешелүү «Ака Минералс» жана «Хуавей» фирмалары менен Бишкекте «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруусуна кол коет. Кол коюудан кийин С.Исаков ушундай фирма менен кызматташып жатканына аябай бактылуу экенин да жашырган эмес. Себеби, «Ака Минералс» бул долбоорго 60 млн. доллар бере турганын да билдирген эле. С.Исаков Хабибулла Абдыкадырдын фирмасы менен келишим түзүп жатканда, Алмазбек Атамбаев өзүнүн НПФ «Форум» аттуу ишканасын Хабибулла Абдыкадырдын адамы 26 жаштагы Субихи Пархатиге 54 млн. сомго сатып, аны менен бизнес-өнөктөш болгон болчу. 

Эми суроо. Эгерде Хабибулла Абдыкадырды Матраимов жалгыз калкалап келген болсо, анда ал кызматтан кеткенден кийин Сапар Исаков жакшынакай эле, бактылуу болуп Хабибулла Абдыкадыр менен кызматташууну эмнеге уланткан? Баса, Сапар мырза Хабибулланын «Ака Минералс энд майнинг» фирмасына «Мегакомдун» 100% акциясын да сатууну максат кылганын айтып коюшубуз керек. Бул аракет дагы Матраимов кызматтан кеткенден кийин болгон. 

Демек, Матраимов кызматтан кеткенден кийин деле С.Исаков, А.Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен тыгыз кызматташып жатпайбы? Эмнеге «Азаттык» ушул фактылардын баарын четте калтырды? Же мунун баарын үчүнчү иликтөөсүнө калтырды беле?..

Aryba.kg




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер