Алмаз Тажибай, саясый талдоочу: «Дональд Лу экинчи ирет санкциялардын коркунучун билдирди”

-- Бизге санкциялардын коркунучу жокпу? Садыр Жапаровдун, башка кошуна өлкөлөрдүн президенттеринин Москвага болгон сапары боюнча кандай ойдосуз?
-- Санкциялар Садыр Жапаровдун сапарына карабайт. Батыш өлкөлөрдүн санкциялары өз ирети менен иштейт. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Дж. Блинкен Жалган Куран айында Борбор Азияга болгон сапарында өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, санкциялар боюнча билдирип, эскерткен. Андан кийин Чын Куран айында анын жардамчысы Дональд Лу дагы экинчи ирет санкциялардын коркунучун билдирген.
Россия Федерациясы менен Борбор Азиядагы өлкөлөр арасындагы соода жүгүртүү 2022-жылдан баштан бир топ көбөйгөн эле. Мисалы, Кыргызстан Россия менен өз ара сооданы 40,3%га өстүрдү (Кыргызстандан экспорт 2,4 эсеге өстү).
АКШ жана анын өнөктөштөрү санкциялардын 11-пакети боюнча сунушун жактырышты. Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы Урсула фон дер Лейен Россия Федерациясына каршы санкциялардын 11-пакетинин максатын “учурдагы чектөө чараларын айланып өтүүгө каршы туруу” деп атады. Эми ошол 11 санкциялар Россиянын аскер куралдарын иштеп чыгууга каршы жана ошого жашыруун эки максатта колдонууну, товарларды өткөрбөшкө маани беришет. Санкциялар боюнча Борбор Азиядагы өлкөлөргө эскертүүсу – бул Украинага орустардын агрессиясын токтотуу жана тынчтыкты орнотуу. Ошондуктан Борбор Азия жана башка президенттердин 9-майдагы парадга катышуусу бул аргасыз Россиянын неоимпериялык саясатын колдоо болуп саналат.