Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Жумабаев 35 кг алтынды ИИМге алдырып, изин суутканбы?

Азамат Жумабаев 35 кг алтынды ИИМге алдырып, изин суутканбы?

22-сентябрь, 14:51
634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оштогу оперлер арасында чуулгандуу окуянын башаты тар чөйрөдө талкууланып, “долябызды албай калдык” деген кеп тарай баштады. “Азия Ньюс” гезитине тымызын маалымат беришип, өз ара кайнап жатышат. Эмесе, биз учугун улай ИИМдин тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаевге суроолорду жолдойлу. Жогорку тийешелүү жетекчиликтер баа беришсин.

Өткөн 24-июлда Дубай-Ош каттамынын самолёту конуп, андан 35 кг алтын кармалганбы? ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкерлери иштешип, ири контрабанда колго түшүрүлсө, аны эмнеге жаап-жашырышты? Азамат Жумабаев атайын бөлүктүн машинесин жөнөтүп, 35 кг алтынды ИИМге алдырып, изин суутканбы? Колго түшкөн бажычылар менен “жең ичинен” чечиштиңерби? Мындай чоң көлөмдөгү алтын кармалганда ачык маалымат берилип, мамлекетке алыш керек да, туурабы? Сатыктагы баасы 2 миллион долларга жакындайбы? Ошондо парасын очойто алып туруп, көмүскөдөн “ымдашып” бүтүрдүңөрбү?.. 

Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөдө тууган, дос жок экенин айтты. Мыйзамсыздык болсо, баарын жазалай турганына ишендирди. Мындай шартта жогорудагы биздин суроолорго реакция кылып, ИИМдин тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаевдин шектүү ишине кызыгып көрөбү? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер