Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рысбек Акматбаевдин улуу кызы Аима Акматбаева алгачкы жолу маек берди

Рысбек Акматбаевдин улуу кызы Аима Акматбаева алгачкы жолу маек берди

27-июль, 12:46
4 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кримавторитет Рысбек Акматбаевдин улуу кызы Аима Акматбаева алгачкы жолу маек берди. Аны блогер Адилет Ногойбаев жеке YouTube каналына тарткан.

Аима Акматбаева Ош шаарында жашап, ишкерлик менен алектенет.

Мен атамдын фамилиясы менен абдан сыймыктанам. Ал бизди күчтүү, акылдуу кылып тарбиялаган. Мен атамдын атын татыктуу алып жүргүм келет. Ал дайыма позитивдүү, ак көңүл болчу. Мен анын сөгүнгөнүн же кимдир бирөөлөр менен урушканын көргөн жокмун.

Мен Рысбек Акматбаевдин улуу кызы боломБишкек шаарындагы мектептердин биринде окугам. Кичине кезибизде бизди Рысбек Акматбаевдин кызы экенибизди көптөр билген жок. Биз жай турмушта чоңойдук. Эң бактылуу күндөрүбүз көп болду деген ал өз сөзүндө.

Ошондой эле блогердин жансакчы менен жүрчү белеңер?” деген суроосуна “жок, биз эркин өстүк. Мектепке өзүбүз эле барып келип окудук деп жооп берген.

Мен Оштун Ноокат районуна турмушка чыккам. Ошону менен бул жакта калдым. Алгач шаарга бала бакча ачтым, аны ийгиликтүү иштеткенден кийин мектеп ачтым. Азыр менин мектебим шаардагы эң белгилүү жана билимди эң жакшы берген мектептердин бири боло алды. Бул жетишкендиктериме жолдошумдун салымы чоң. Ал дайыма мени колдоп турат. Учурда төрт баланын энесимин. Келечекте ушул ишкерлик менен алектенип, эл аралык деңгээлдеги мектеп ачкым келет деп маекти жыйынтыктаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер