Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов август айында саясатка кайтып келеби?

Бабанов август айында саясатка кайтып келеби?

13-июнь, 10:57
1 148 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы президенттик шайлоодо 600 миңдей добуш алган Өмүрбек Бабанов саясаттан убактылуу четтесе да, артындагы калың колдоочулары дале суюла элек. Көпчүлүк катмар сүймөнчүк лидерин саясый талаадан көрүүгө кызыкдар экен. Бабанов да бул жагын жакшы билет. Ал саясаттагы кыйын кезеңдерден убактылуу тыныгуу алып, мезгили келгенде чоң күрөштөргө аттанары белгилүү. Буга чейин бир канча ирет артка чегинип, ыңгайлуу учурда эл астына чыга келип, ийгиликтерди жаратканы, шайлоолордо элдин колдоосуна арзыганы баарыбызга маалым. Учурда болсо, Бабанов адатынча бугуп жатат. Эбегейсиз ресурстарын убактылуу токтотуп койгон. Биздин угушубузга караганда, Өмүрбек Токтогулович август айында чоң саясатка кайра кайтып келери, шашылыш түрдө парламенттик шайлоого аттанары боюнча эшиттик. (Балким бул маалымат кимдир бирөөлөргө ишенимсиздей сезилиши мүмкүн, бирок, убагы келгенде реалдуу чындыктан качып кутула албайбыз да). Элди сагындырган Бабановдун саясатка күтүүсүздөн келиши көп өзгөрүүлөрдү, мамлекеттеги бурулуштарды жаратышы мүмкүн. Эмесе, август айына чейин жашап туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер