Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстанда 2018-жылы төрөлгөн кыз коронавируска чалдыккан
Казакстанда 2018-жылы төрөлгөн кыз коронавируска чалдыккан
17-март, 11:52
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстанда 2018-жылы төрөлгөн кыз коронавирус оорусуна чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин атайын өкүлү Диас Ахметшарип билдиргенин РИА-Новости маалымат булагы жазып чыкты. Буга чейин Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны бир күндө 10дон 13кө чейин өскөнүн аталган министрлик кабарлаган болчу.
“Ооруга кабылгандардын бири 2018-жылы төрөлгөн кичинекей кыз. Ал 13-март күнү Берлин–Минск–Алматы багытындагы учак менен учуп келген. Ал кыз учурда Алматы шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды” дейт Ахметшарип.
Ал эми акыркы суткада оору жуктурган эки киши Москва шаарынан учуп келишкен.