Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Коом » Роналду миллиардер болду
Роналду миллиардер болду
06-июнь, 14:59

«Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду тарыхта биринчи жолу тапкан кирешеси миллиард доллардан ашкан футболчу болуп калды. Бул тууралуу Forbes маалымдады.
Аталган басылманын маалыматына караганда, футболдогу 17 жылдык карьерасында Роналду айлык катары 650 миллион доллар алган. Калган каражатын ал демөөрчүлүк келишимдерден тапкан.
Роналду үчүнчү спортчу-миллиардер болуп калды. Буга чейин миллиард тапкан спортчулар гольфчу Тайгер Вудс менен мушкер Флойд Мэйвезер гана болчу.