Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элвира Сурабалдиева: “ЖКдагы вице-спикерлердин санын кайра карап чыгуу зарыл”

Элвира Сурабалдиева: “ЖКдагы вице-спикерлердин санын кайра карап чыгуу зарыл”

12-январь, 19:33
1 140 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы депутат Эльвира Сурабалдиева вице-спикерлер тууралуу ой бөлүштү.

“Бүгүн Жогорку Кеңешинин отурумунда Жогорку Кеңештин структурасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тарабынан парламентте 8 комитет түзүү жана вице-спикерлердин санын көбөйтүү сунушталып жатканы тууралуу маалымат берилди. Эми Жогорку Кеңеште 3 вице-спикер болуп калышы мүмкүн.

Комитеттерге келсек, мен бул идеяны толугу менен колдойм, себеби, бул көйгөйлөрдү тартипке келтирүүгө жана ким эмнеге жооп бере турганын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Андан кийин натыйжасын көрсө болот. Көптөгөн депутаттарда түрдүү структураларда иштеген тажрыйбалары бар жана алар комитеттердин алкагында маселелерди чечүү үчүн күчтөрүн жумшашса, тажрыйбаларын өздөрүнө жакын чөйрөдө колдонуу жеңил болот.

Ал эми 3 вице-спикер боюнча... мен буга түшүнбөй жатам. 120 депутат маалында 2 вице-спикер бар болчу, азыр 90 депутатка 3 вице-спикер болобу? Муну менен 1 вице-спикер 30 депутаттын ордун толуктайт деп тыянак чыгарабызбы? Бул темп менен депутаттардын санын кыскарта берип, парламентти төрага жана анын 5 орун басарлыгына чейин жеткирсе болот...

Ал эми жалпысынан мындай структура үчүн жалпы комитет режиминде 47 депутат макул деп добуш берип, 1 депутат каршы болду. Бирок, Жогорку Кеңештеги вице-спикерлердин санын баары бир кайра карап чыгуу зарыл”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер