Акыркы кабарлар
» Коом » Таласта бир адам коронавируска шектелүүдө
Таласта бир адам коронавируска шектелүүдө
09-июнь, 18:32
466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Талас шаарында бир адам “коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал” деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова "азырынча анализинин жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан расмий эч нерсе тастыктап айта албайбыз. Эртең билинет" деди.
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. Республика боюнча бир гана Талас облусунда вирус катталган эмес.