Жубан экенимди жашырып, аягы боздоп калдым...

Биринчи күйөөм менен алты айдай жашадык. Отубуз күйүшпөдү. Ортобузда бала дагы болбоду. Эки жолго түштүк. Мен өзүмдү күнөөлүү деле сезген жокмун.
Бекзат менен биринчи ирет көрүшкөндө эле сүйүү деген эмне экенин жүрөгүм туйгансыды. Алсыз жүрөгүм бакыттын даамын сезди. Негедир биринчи жашоом болбой калганын, мен азыр бир күйөөдөн чыккан жубан экенимди айткым келбей койду. Экөөбүз жолугушуп жүрдүк. Көп ирет өткөн күндөрдү, жубан экенимди айтууга ыңгайлуу учурлар болду, бирок андай ыңгайды колдон учурдум. Айта албадым. Айтсам эле кечигип тапкан сүйүүмдөн заматта ажырачудай, турмушумда бороон башталчудай сезимде болдум. Белгиленген тоюбузга саналуу күндөр калды. Тойго аз күн калганда Бекзаттын жеңелери мен тууралуу абдан сураштырышыптыр. “Биринчи турмушум тууралуу айткам” деп ата-энемди да алдаган элем. “Калптын казаны кайнабайт” болуп, тойго эки гана күн калганда баары ачыкка чыгып калды.
Ал мен ойлогондой боздотуп туруп таштап кетти...
Айдина
"Азия Ньюс" гезити