Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таасир жараткан Октябрь Урмамбетовдун командасында кимдер бар экенин билесиңерби?

Таасир жараткан Октябрь Урмамбетовдун командасында кимдер бар экенин билесиңерби?

29-июль, 02:07
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетовду борбордук аппараттагы кызматкерлер жактырбай жатышканы каңкууланды. “Чоңдугуна салып, чочоңдой берет” дешет. Шилекей чачыратып. Кабинетине кагаз көтөрүп киргендерди кагып-силкип, урушуп, кыялын көрсөткөнү бизге чейин угулду. Этиканы сактап, башкалардын да укугун ойлош керек да, туурабы? 

Дагы бир кызык жагдай, Октябрь Урмамбетов өзүнчө таасир жаратып, маал-маалы менен “кол ийрисине тарткан” кадрларын чогултуп, чай ичип турат экен. Жашыруун да жолугушуп, шыбырашып сүйлөшкөндөрү тар чөйрөдө талкуу жаратууда. Командасында кимдер бар дейсиңерби? Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков, ИИМдин күзөт башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдрахманов (“Тайган”), жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Азамат Исраилов, Биринчи Май РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев (кемпирге тап), Токмок ШИИБ башчысы Алмаз Айбашов сыяктуу “кызыл шапкечендер” (бул топко дагы кошулчулар бар экен)... Асыресе, аталган түлөктөр өз ара күчкө айланышып, Октябрь Урмамбетовдун астында биригишкени кандай? ИИМдин ички атмосферасын бузууга, интрига жаратууга кызыкдар болуп атышабы? Келечектеги министрин эмитен эле тандашып, алдынан өтүп аткан кербездериби? Ич ара арбын сөздөр айтылып, бирок азырынча айбыгышып, мезгилин күтүүгө белсеништиби? Сыягы, келечекке карай көп суроолордун түйүнү чечилчүдөй...

Жогорку жетекчилик сак болуп, алдын ала иликтөө, анализ жүргүзүп койсо ашыктык кылбас... “Өздөн чыккан жат жаман” деп кыргыздар бекер айтыптырбы? Негизи душман алыстан келбейт, айланаңда жүргөн эле адамдар айгак болушса, элестетип көргүлө. Кудай анын бетин ары кылсын! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер