Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Борбор калааны Балыкчы шаарына жылдырсак, ар тарабынан төп келишет”

Мирлан Орозбаев: “Борбор калааны Балыкчы шаарына жылдырсак, ар тарабынан төп келишет”

04-февраль, 09:00
1 692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан иним, ордо калааны башка жакка которуу боюнча ойлоруңду айтып келесиң...

-- Бишкек шаарында көптөгөн көчөлөрүбүз бүгүнкү күндөгү транспорттун арбынына шартталбагандыктан, тыгын пайда болуп, канчалаган көйгөйлөр жаралууда. “Борбор шаарыбызды Балыкчы шаарына жылдырсак” деген сунушумду коомчулукка жар салгым келип турат. Ар тарабынан төп келишет...

-- Эмнеликтен?

-- Шаар чоңойгон сайын, мурун 5-6 кабаттуу үйлөрдү куруу жагы каралып келген болсо, азыр “чү” дегенде эле 16-17 кабат болуп калдык. Мындай үйлөр көбөйгөн сайын шаардын ортосуна аба, дем жетпей калат. Бу жагынан алып караганда, Балыкчы шаарында ар дайым шамал, жел согуп турат. Мындан сырткары, учурда түндүк-түштүк альтернативалуу жолу курулуп атат. Жалал-Абаддан Балыкчы шаарына 4 сааттык жол. Бу жагынан да алып карасак болот. 

-- А туристтик жагынанчы?

-- Буга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын тегереги менен гана чектелип келген болсок, Балыкчыны ордо калаага айлантканда 100 эсеге көп акча түшө турган шарттар каралмак. Анүчүн көп деле каражат коротуунун кажети жок. Болгону президенттин администрациясын жана резиденциясын которуп койгон оң. Калгандары акырын-акырын курулуп баштайт. Мени таңгалдырганы: Бишкек шаары дүйнө жүзү боюнча ыш каптаган шаарлардын ичинен 2-орунга чыкты. Бул эмне деген шумдук?! Баардык онкологиялык оорулардын келип чыгышына бирден-бир себепкери ыш болуп атпайбы. Бизде “роза ветров” деген бузулган. Ал эми Балыкчыда ар дайым шамал уруп, бузулган абаны тазалап, айдап турат. Бишкек шаарында бара-бара суу тартыш болот, агынды суулардын түтүктөрү эбак чирип бүткөн. Аны алмаштырыш керек. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, бир күнү жарылса эмне болот? Электр жарыгынын кубаттуулугу деген бар. Эмне дейин?.. Айтып отурса арман көп. Борборубуз коркунучта.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер