Мен үч баланы тарбиялап, анын ата-энесинин жумушун кылып жүрсөм, күйөөм...
Күйөөмдүн Москвада иштегенине бир жарым жыл болду. Мен үч балам, кайнене-кайнатам болуп жашайбыз. Күйөөмө ишенчүмүн. Бирок, “эркекке ишенгенче, эки босогоңо ишен” деген чын экен. Күйөөм жаңы телефон сатып алып, мурдагы колдонгон телефонун кызыма берип жибериптир. Вотсабын ачып окусам, Чүрөк анан Назик деген кыздар менен жолугуп, көңүл ачып жүрүптүр. Баарын окуп чыктым. Үстүмө муздак суу куйгандай эле болдум. Мен үч баланы тарбиялап, анын ата-энесинин жумушун кылып үйдөн чыкпай жүрсөм, ал кыздар менен көңүл ачып жүрүптүр. Жазышкандарынын баарын скрин кылып өзүнө жөнөттүм. Таарынычымды да жазып жибердим. Окуду, бирок жооп жаза элек. Эмне кыларымды билбей, оюм бир жерге турбай, же апасына айта албай жатам. Кичинекей уулум да ыйлаак, аябай нерв болуп жатам. Туура акыл айтып коюңуздарчы? Мындан ары кандай кылам?
Зина