Эркектер качан токтолушат, өмүр бою ойнош күтүп өтүшөбү?..
Улуу эжекелер, кыздар, келиндер, айтыңыздарчы, бул эркек деген атка татыксыздар качан токтолот? “Эркектер” дейин десем чо-оң эле аялдар, жаш кыздар үй-бүлөсү бар экенин билип турушуп эле чалып чакырышат. Айланайын аялзаты, бул кайтар дүйнөдө баары кайтып келет го?..
Тажадым, ичим өрттөнөт, жашаганыбызга 14 жыл болду, эми минтип балдар чоңоюп калганда да күйөөм токтолбоду. Жыл сайын жаңы кыз, эми бүгүнкүсү 40тан ашып калган эле аял. Сүйлөшкөндөрүн угуп, шок болуп калдым. Бул да аллахтан келген сыноо. Алты саныбыз аман, тирүүбүз, буга ыраазымын. Бирок ичим өрттөнөт, жашагым келбей кетет, бирок балдар чоңоюп калганда кете албайм... Эмне кылам?
Түнү менен уктаган жокмун. Чынын айтсам, жашоонун кунары качты. Отуздан жаңы эле ашканда, жашоонун кызыгы башталганда, сүйүп тийген жолдошум көңүлүмдү калтырды. Тажрыйбасы бар эжелер, бул эркектер токтолобу же өмүр бою ушундай болушабы?..
Толкун