Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Өзгөчө статус берсе эле Баткендеги көйгөйлөр чечиле калбайт”

Дастан Бекешов: “Өзгөчө статус берсе эле Баткендеги көйгөйлөр чечиле калбайт”

18-февраль, 10:29
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Депутаттардын бир тобу “Офис простых решений и результатов уюмунун өкүлү Маргулан Сейсембаев менен жолугуштуңуздар. Жолугушуунун негизги максаты эмнеде болду?

-- Бул жерде эч кандай саясат жок. Анда Украинада болгон реформалар, экономикалык маселелер тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, мамлекеттик органдар менен коомдук институттардын ишиндеги эффективдүүлүктү арттыруу тууралуу сөз болду. Негизи бул жолугушуу тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

-- Премьер-министрдин Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө пикирине кандай карайсыз?

-- Облустагы маселелер өзгөчө статус берип койсо эле чечилип калбайт. Эң ириде, ал жактагы социалдык-экономикалык абалды оңдош керек. Элдин жашоосу оңолмоюн, ар түрдүү көйгөйлөр чыга берет.

-- Чек араны чечүү зарылчылыгын активисттер көтөрүп жатышат. Депутаттар деле маселени алып чыгып, чечүүнү демилгелесе болобу?

-- Азыр чек ара УКМКга өтүп кеткен. Бирок, учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев өзү жок. Бизге деле маалымат жеткиликтүү эмес. Баардыгы купуя. Парламентте көтөрүлгөн менен баарын бир адам чечет. Ошон үчүн ал өзү эки тараптуу активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер