Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Жеке ишкерлер салык төлөөдөн качпай турган мыйзамдарды иштеп чыгалы”

-- Айбек мырза, өткөндө бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында салык кызматындагы коррупциялык схемалар жөнүндө сөз болду. Сиздин айтымыңызда, бул тармакта өз көмөчүнө күл тарткан кызматкерлер дале бар окшойт...
-- Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов: “Мурда кээ бир салык кызматкерлери базардагы 100 контейнердин жетимишин көрүп, 30ун көз жаздымда калтырып коюшчу” дегендей ишарат кылды. Анда мен айттым, “ошол кезде иштеген коррупционерлердин кээ бирөөлөрү бүгүн дагы кээ бир райондордун салык кызматынын башчысы, орун басары болуп өз ордуларында отурушат (мен баарын айткан жокмун, кээ бирлери деп айттым). Алар жумушта отургандан кийин ар кандай жолун табат да” дедим. Алмамбет Насырканович да айтып атпайбы, “бир жагын жапсак, бир жагынан ачылат, ошолор менен күрөшүп атабыз” деп. “Ошолорду тазалап, жаңы кадрларды коюп, жаңыча иш алып барууңузду суранам” дедим. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлер жок болсо, иш ошондо жеңил кетет. “Жеке ишкерлер салык төлөөдөн качпай турган мыйзамдарды иштеп чыгып, эл менен биргеликте мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошолу” деген сөздү айттым да кечээ.
-- Анда бул тармактагы кадрларды жаңылаш керек дейсизби?
-- Бүт баарын жаңылаш керек эмес. Ошол убакта иштеп келгендерди деп айтып атам. Баарынын биографиясы бар да...
Керим Мурас