Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурадыл Мадеминов: «Мигранттардан 3 миллиард акча келбесе, экономика урап калат»

Мурадыл Мадеминов: «Мигранттардан 3 миллиард акча келбесе, экономика урап калат»

16-октябрь, 09:30
2 223 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Министрлер кабинетине Акылбек Жапаровдун келиши экономика үчүн туура кадам болобу?

-- Азыр экономиканы, оор кырдаалды түшүнгөн, президентке кошомат кылып калп сүйлөбөй, чыныгы кырдаалды айтып жеткирген премьер-министр керек. «Америка, Россия, Казакстан, Кытай, Япония, Европа менен тил табышып сүйлөшө алат» деген мен билгенден 3-4 эле адам бар. Биринчиси Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов жана Алмазбек Атамбаев. Балким башка бирөөлөр кыйындарды, абалды оңдоп кете тургандарды көрүп тургандыр, бирок мен аларды билбейм. Пикиримде, ушул төрт кишинин гана учурдагы кризисте экономикага акылы жетет. Экономиканы түшүнгөндөн дагы орустар менен кытай лидери Си Цзиньпин, Европа, Америка менен сүйлөшө албасаң алдыга жылуу болбойт. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин сырттагылар менен мамиле төзмөйүнчө өзүнчө өнүгө албайт. Маселен, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Европа, Америка менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген, дипломат болушуң керек. Себеби, инвестиция келбесе, өзүбүздүн ички ресурс менен өнүгө албайбыз. Өндүргөн айыл чарба продукцияларын сыртка сатпасак, чет элдик валюта кирбесе, кантип экономиканы өнүктүрөбүз? Бул мыйзамды мен жазган эмесмин. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Бүт өнүккөн өлкөлөр ушундай схема менен бутуна турат. Учурда экономиканы сактап турган мигранттар болууда. Алар Россияга барып, эки жарым, үч миллиард доллар акча которуп жатышат. Бүгүнкү күнү мамлекеттин экономикасын Россияда, Казакстанда жана башка жактарда иштеп жүргөн алтын жарандарыбыз сактап турат. Эгерде алардан үч миллиард акча келбесе, экономика урап калат. 

-- Акылбек Жапаровду кошпогондо, сиз айткан адамдардын азыр мындай чоң кызматка келиши дээрлик мүмкүн эмес да... 

-- Бийликке эл керек болсо, бийликте турган адам консенсуска барышы керек. Өзүнүн акылы экономиканы көтөрүп кеткенге жетпей жатса, абактагыны чыгарып туруп иштетүү зарыл. Себеби, кандай гана жогорку кызмат болбосун, алты жарым миллион калкы бар Кыргызстан деген түшүнүк жогору турушу керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер