Самат Курманкулов: “Асланбек, чыныгы достукту көрсөтүп койдуң...”
“Асланбек, сага өтө ыраазымын, баарын калемиң менен чечип салдың! Чо-оң рахмат, аскердик наам да, дарылануу да чечилди! Садыр Нургожоевичке ыраазычылык макала жазалы. Сонун кылып. Сураныч! Чыныгы достукту көрсөтүп койдуң...” деп Чүй ОИИБ начальниги Самат Курманкулов “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге куш тилиндей кат жазды. Учурда Самат мырза Түркияда дарыланып жатат. Буюрса, ден соолугу калыбына келип, генерал-майор агабыз катарыбызга келип, Кыргызстанга ак дилинен кызмат кылсын!
Эске салсак, “Азия Ньюс” гезитине Сокенин айынан кырсык болгону, Самат Курманкуловго чин-даражаны, жардамды бербей койгону жазылган. Садыр Жапаров маалыматты илгиртпей окуп, аскердик наам менен чет өлкөдөн дарыланууга шарт түзгөнү факт.
"Азия Ньюс" гезити