Акыркы кабарлар
» Коом » Эми Курманкул Зулушев тилдеги диалектиканы да оңдосо...
Эми Курманкул Зулушев тилдеги диалектиканы да оңдосо...
11-февраль, 18:09
1 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Башкы прокурор Курманкул Зулушев канчалык деңгээлде адилетүүлүккө басым жасаганына, элибизге пайдалуу иштерди жасап атканына азырынча баа бере албайбыз. Эртелик кылат. Ириде, баса белгилөөчү жагдай, ал өткөн жылдын соңунда пресс-конференция берип, жалаң кыргызча сүйлөө менен өзгөчөлөнө алды. Өткөн жумада ошол вазыйпасын кайрадан кайталады. Орус тилдүүлөр сындаганы менен бул көрүнүш маанилүү. Мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдегенге, эне тилибиздин өнүгүшүнө кошкон салымы. Эми мынча болду, Зулушев аймактар аралык диалектиканы жоготууга, нагыз адабий тил менен сүйлөөгө да салымын кошсо. Анүчүн кыргыз тилин түптөп, ыраатка салышкан К.Юдахин, К.Карасаевдин сөздүктөрүн элге сиңирүү керек.
"Азия Ньюс" гезити