Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Балбак Түлөбаев иштейт, эмгегин элге көрсөтөт”

Бакыт Бакетаев: “Балбак Түлөбаев иштейт, эмгегин элге көрсөтөт”

07-август, 12:54
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт мырза, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Премьер-министрдин бул чечими туура болдубу, кандай ойлойсуз? 

-- Балбак Түлөбаев эл менен тыгыз иштей аларын мэриядагы ээлеген кызматы аркылуу көрсөттү. Шаардыктар анын ишине ыраазы болушту. Өзүнүн ден соолугун тобокелге салып, илдеттин күчөп турганына карабай эл кайнаган жерде жүрдү. Базарларды кыдырды, эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен угуп, аны тийиштүү жактарга жеткирип, чечүү аракетин жасады. Анын ар бир кадамы эл таразасына салынды, жыйынтыгында “жакшы” деген баа берилди. Ошондуктан,   Кубатбек Бороновдун бул чечими өкмөт башчы катары чыгарган кадамдарынын эң жемиштүүсү болору шексиз. 

-- Сиз Ысык-Көлдө болупсуз, кандай көйгөйлөр көзүңүзгө урунду? 

-- Башкасын эмес, туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү нерселердин бири болгон, келген коноктордун маанайын ачуучу тазалык жаатын айтайын. Мен Григорьев, Семенов капчыгайында болдум, жалпы эле көл аймагын кыдырып чыктым. Баягы эле желим бөтөлкө, баштык жык толгон. Туристтер бара турчу жерлердин баарына “Тазалыкты сактайлы” деген чакырыктарды илүү зарыл го. Кээ бирлер мындай чакырыктар элге таасир этпейт деши мүмкүн. Мен «таасир этет» деп ойлойм, ар бир чоң иш жөнөкөй чакырыктан башталат. Бадырайып жазылып турганды окуган адам жасап жаткан ишин таразалап баштайт. Таштандыны ыргытпай, жаратылышты сактоо керектиги мээсине орнойт. Мен эмнеге туристтер барчу жайларга деп айтып жатам, анткени тууган-туушкандардын, тааныштардын үйлөрүнө да бардым. Көлдүк туугандар абдан тыкан, таза калк экен, жашаган үйлөрү жаркырайт. Ошондуктан көл аймагынын таштандыга толгону келген коноктордун шалаакылыгынан окшойт деп ойлоп калдым. 

-Сиз айтып жаткан маселелерди Балбак Түлөбаев оңдой алабы

-Балбакты баарыбыз билип калбадыкпы, менимче, ишмердүүлүгүнүн биринчи кадамында эле Көл өрөөнүн жөө кыдырып чыкса керек. Анан андагы көйгөйлөрдү өзү көрүп, эл менен биргеликте иштеп, аз убакта аймакты көтөрөрүнөн шегим жок. Көл жергесинде көптөгөн губернаторлор алмашты, бирок биринин да көзгө толумдуу аткарган иши көрүнбөдү. Бир гана Токон Шайлиева пансионаттардын, эс алуучу жайлардын бирин калтырбай кыдырып, жарымын жаап, жарымына айып пул салып, чаң-тополоңун чыгарып, тазалыктын маданиятын көтөргөн. Токон Асановнадан кийин бүт пансионаттар жанданышып, башка тазалыкка керектүү жабдыктарды кайра баштан алмаштырып, бир топ ыраатка түшүп калган. Андан кийинкилердин артынан “бул жактан жер алды, тигил жактагы жерди башкага алып берди” деген гана сөз ээрчибесе, аны аткарды, муну жасады деген ыраазычылык элде жаралган жок. Эми Балбак Түлөбаев иштейт, анын кылган эмгегин эл көрөт, убакыт далилдейт, мени айтты дээрсиңер... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер