Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Манас» дастаныбыздын башаты башталган жерди аныктап алалы

«Манас» дастаныбыздын башаты башталган жерди аныктап алалы

20-март, 19:30
643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Таластагы «Ырчынын дөбөсү» аттуу жер тууралуу сизге кайрылуу менен сунуштарымды билдиргим келет.

Талас өрөөнүндөгү Чыңгыз Айтматов районунун Жоон-Дөбө аттуу айылынын чыгыш жак тарабында балык жондонгон боз бөлтөк дөбө бар. Ал жапжашыл бактуу айылдын четинде боз адыр катары көрүнүп, адамдардын көңүлүн анча деле бура бербейт. Балким, жергиликтүү эл ал дөбөнүн атын эзелки бир керемет ысым менен күндө атап жүрсө да, анын кереметине маани беришпегенинен ошондойдур.

Бирок, урматтуу Садыр Нургожоевич, ошол «маани берилбеген эзелки бир керемет таберикке» сиздин көңүлүңүздү бургум келет.

Ушул айылдын тургуну, белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Рахманбердиевич Жумагуловдун жана жергиликтүү карыялардын айтымында, жогоруда биз атап өткөн боз бөлтөк «Ырчынын дөбөсү» деп аталат экен. Элдин айтуусуна караганда, ал кадимки Айкөл Манас атабызга байланышат. Манас атабыз Чоң Казаттан кайтканда улуу жүрүштө жанын берип, канын төгүп келгендерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө атайын жер кестирип берип, короо-жай салып, мал күтүп жашоосуна көңүл бөлүп, шарт түзүп берген экен. Уккан уламага караганда, Манас атабыз кырк чоросунун ар бирине бирден кыштоо-жайлоо жерлерин бөлдүрүп берет, ошондо ушул дөбө баатырдын эң жакын чоросу, ырчысы Ырамандын Ырчы уулуна тиет. Ырчу уул дөбөгө үй салып, короо-жай куруп, Манас атабыздын эрдиктерин ырга кошуп ырдап, эл анын ырын укмакка дөбөгө чогулчу экен…

Элдин оозундагы дагы бир кепке караганда, «Мен көрөмбү, көрбөй каламбы, биле албайм, акыры бир заманда ушул дөбө чоң шаарчага айланат» деп айтчу экен Ырчы уул. Ким билет? Балким, аныктыр. Бул биз үчүн уламыш, жомок, өткөндөн калган оозеки тарых. 

«Калк айтса, калп айтпайт» деген кеп бар эмеспи. Калктын оозунда калып, канча кылым өтсө да унутулбай, жүрөгүнүн түбүнөн түнөк таап, урпактарына узун сабак катары калып, унутулбай эстелип келаткан бул керемет тарых – бүгүнкү кыргыз үчүн, кыргыз маданияты, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы үчүн, бүгүнкү биз үчүн улуу таберик экендигин белгилегим келет. 

Ушуга байланыштуу төмөндөгүдөй сунуштарымды айтайын

--биринчиден, бул таберик маалыматты унутта калтырбай, «Манас» дастаныбыздын башат болуп башталган жери ушул жер деп билсек;

-- экинчиден, алгачкы дастанчыбыз Ырамандын Ырчы уулунун байыркы изин аздек тутуп, ошол дөбөгө ырчынын эстелигин тургузсак;

-- үчүнчүдөн, «Манас айтуу өнөрүнүн башаты болор «Манасчылар үйүн» жана «жаш манасчылар мектебин» жана дал ошол дөбөгө курсак.

Бул иштер биздин улуттук руханий маданиятыбыздын өнүгүшүнө чоң таасир бермек.


Сулайман Рысбаев, Кыргыз эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Бишкек шаары, Ак-Өргө, Жетиген 20. 

Тел.0700-68-04-78 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер