Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Камбар-Ата–I” ГЭСин курууда Кыргызстан 51%га ээлик кылышы зарыл”

Расул Умбеталиев: “Камбар-Ата–I” ГЭСин курууда Кыргызстан 51%га ээлик кылышы зарыл”

02-апрель, 09:08
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Камбар-Ата–I” ГЭСин биргелешип курабыз” деп жатышпайбы, бул туура эле кадамбы? 

-- “Камбар-Ата–I” ГЭСи Кыргызстан үчүн эң маанилүү жана келечектеги саясый, стратегиялык курулуш. Бул ГЭСти куруп алсак, Кыргыз Республикасынын энергетикалык жана улуттук коопсуздугу бекемделет. Кыргызда жакшы сөз бар, “эл башы болгуча суу башы бол” деген. Кыргызстанда жылына жалпы 45-50 миллиард куб суунун агымы топтолот. Болгону 1 пайыз эле колдонулат, калган 99 пайыз суунун көлөмү коңшу өлкөлөргө агып кетет. Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга, Кытайга. Россия менен 2012-жылдын 20-сентябрында президент Путин келгенде “Камбар-Ата–I” ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюлган. Бирок ГЭС курулган эмес. 50 пайызын Россия, 50 пайызын Кыргызстан ээлемек. 

Негизи өзүбүз курсак жакшы болмок. Ал эми биргелешип курууда 51 пайызды Кыргыз Республикасы ээлеши керек. 

-- Коомчулукта ГЭСти эл өзү сатып алып, ошонун эсебинен курулсун дегендер болууда. Мындай жол менен ишке ашыруу мүмкүнбү?

-- Кыргыз эли жалпы демилге менен курса болот. Аны ишке ашырууга мүмкүн. Мисалы, Тажикстан Рогун ГЭСин элдин жардамы менен 2 гидроагрегатын ишке киргизди, ар бирөө 600 мВт, жалпы 1200 мВт үч жылдын ичинде курулду. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСи менен барабар. Биз деле курсак болот. Мамлекеттик алтын займ, облигацияларды чыгарып, кыргыз жарандарына сатса эмнеге болбосун? Сатып алгандар ГЭСтин акциясына ээси болушат. 300-500 миллион долларга акция чыгарышса, бул ички инвестицияга кирет. Калган акчаны финансылык институттардан алсак болот. ГЭСти күрөөгө коюп, узак мөөнөткө, жеңилдетилген пайыз менен насыя алыш керек. Куруп бүткөндө, карыздан кутулгандан кийин ГЭС түбөлүк кыргыз элинде калат. 

-- Негизи бөлөк өлкөгө жер-сууну берүүнүн коркунучу жокпу?

-- Агып жаткан суу – бул жөнөкөй эмес. Ал сугат жерлерине жана электр энергияга пайдалануу үчүн стратегиялык байлык катары бааланат. Жер-сууну башка өлкөлөргө берип койсок, өзүбүздүн байлыктарыбызга ээлик кылалбай калабыз. Коңшу мамлекеттер ээлеп алышса, биздин эң кирешелүү байлыгыбыз менен башкарып калышат. Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстан эң манилүү, саясый, стратегиялык маселелерди жана көйгөйлөрдү суу аркылуу чечип келген. 

-- “Өзбек тарап капитал гана салат, чыккан энергия, аны башкаруу биздики болот дешүүдө. Эгер мындай болсо, өзбек тараптын кызыкчылыгы эмнеде?

-- 2017-жылдын 5-сентябрь күнү эсимде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизге келип кеткен. Анда коңшу өлкөнүн башчысы бул ГЭСти бирге курабыз деп убада берген. Бул биз үчүн аябай жакшы кабар болгон даСебеби,  мурунку маркум президент Ислам Каримов дайыма “Камбар-Ата–I” курулушуна каршы болуп жүргөн... Бирок, үч жарым жылдан бери жылыш болгон жок. Өзбек тараптын эң чоң кызыкчылыгы бар. Алар сууну көп пайданалат, көбүнчө жай мезгилинде. 2021-жылы 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Президент Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Ошондо береги ГЭСти чогуу курууну чечишти. Бирге курса болот, бирок 51 пайызды Кыргызстан ээлеши абзел.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер