Өмүрзак Төлөбеков: “Манасты” Океев, Шамшиев эмнеге тартышкан эмес?”


Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
-- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмасын бир катар чет өлкөлөрдө коюп, эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарды алууга жетиштиңиздер. Кыргызстанда болсо бир топ сын пикирлер айтылган. Демек, Айтматовдун “Жамийла” чыгармасын бизде сындап-талкалашып, дүйнө жактырып, аалам аралап кеткен сымал болуп атабы?
-- Ооба, тасманы тарта баштаганыбызда эле уу-дуу түшүштү. Жакында Москвада кино үйүндө эл аралык кинопрокатчылар үчүн уюшулган көрсөтүүдө казак илимпозу, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү Мурсал-Наби Туякбаев: “Манас” эпосу илгертеден талашка түшүп, 60-жылдарда Кыргызстанда тыюу саларда, ошол учурда союздагы зор авторитеттүү советтик-казак окумуштуусу Мухтар Ауэзов коргоп калган эле” деди. Ал “Манастын уулу Семетейди” кантип кино кылып тартууга жетиштиңиз?!” деп сурап атпайбы. “Каршылар көп болду, ага моюн бербей тартып, эл аралык алкакка алып чыгуудабыз” дедим кыскача.
Москвадагы көрсөтүүнү Россия кинематографисттер союзунун эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы Юрий Колосов ачып, тасмабызга жакшы пикир билдирсе, америкалык киночу Джулио Бо “кичинекей Кыргызстандын бул тасмасы дүйнөлүк чоң шедевр болуптур!” деп өтө жогору баа берди. Америка, Европа, Кытай менен иштешкен эл аралык кинокомпания өкүлдөрү тасмабызды чет өлкөлүк стриминг платформаларга (акы төлөнүүчү интернет каналдар), телеканалдарга сунушташууда. Ага чейин Стамбулда Түркия, Иран, Пакистан менен иштешкен эл аралык кинокомпаниялар менен сүйлөшүүлөр болгон.
-- Түркия менен буга чейин эле жемиштүү макулдашуулар болгонун билдирдиңиз эле, алигиче ишке аша элекпи?
-- Түркиянын бир катар өлкөлөрдө көрсөтүүчү ТРТ-Аваз телеканалы менен майнаптуу макулдашууга жетишип, бул тууралуу жар салсак, Кыргызстандагы биздин тасманын оппоненттери аларга кат жазышыптыр “бул тасманы чыгарбасаңар” деп.
-- Дооматтары эмне?
-- “Эпосту бурмалаган, начар тартылган, улуу эпосту, ал аркылуу Кыргызстанды уят кылат. Бул тасма Кыргызстанда кабыл алынган эмес. Биздин элдин көпчүлүгүнүн нааразылыгына каласыңар” деген сыяктуу. Мамлекеттик каналдар чочуп атпайбы анан.
-- Кимдер кайрылышкан антип?
-- Манасчылар, анча-мынча окумуштуулар, кинематографисттер союзунун жетекчилери башынан каршы турушпадыбы. Аларга Акүйдөн чала идеологдор кошулушкан.
-- Алар эми “Манасты” АКШ, Кытай, Түркия менен биргелешип тартарда дагы каршылык кылышып, долбоорду токтотуп коюшпайбы?
-- Голливуд кинопродюсери Аккайа менен макулдашуу жасалганын билдирип маек берсем, аларга да чыгышыптыр. Эми мындан ары эл аралык кино тармагында кимдерге жолугуп, кандай сүйлөшүүлөр жүрүп атканын жарыя кылбай турган болдук. Буюрса, эл аралык кылымдык ири долбоор ийгиликтүү чечилип атат.
-- “Манасты” дүйнөгө таанымал Океев менен Шамшиев эмнеге тартышкан эмес?!
-- Ал кишилердин чыгармачылыгы гүлдөгөн учур СССР мезгилине туш келген. Орустук шовинисттик саясат кыргыз эпосунун дүйнөгө дүңгүрөшүнө жол берген эмес. Анүстүнө ал кезде санарип, грфика чыга элек, абдан зор каражат керектелмек. Кийин Шамшиев “Манасты” тарталы” деп далай аракет кылганын ал учурдагы Кыргызстандын идеология башчысы, парламент спикери Шеримкулов айтып жүрөт. Мен 2015-жылы Москвада Голливуд менен иштешкен кинопродюсерлерге жолугуп, “Манас” тууралуу айтсам, “сценарийин бергиле, Голливудга сунуштайлы” дешкен. Сценарий жазылган эмес экен. 2009-жылы Голливуддун вице-президенти ал кездеги маданият министри Раев менен Шамшиевди чакырып, “Манас” эпосуңар боюнча кино тарталы, канча каражат керек?” десе, Шамшиев 120 миллион доллар (өтө чоң каражат) сурап, долбоор ишке ашпаганын Раев жазып чыккан.
-- Эми Голливуд андан аз каражатка чыгарабы?
-- Голливуд, Кытай, Түркия кинокомпаниялары каражатты чогуу чыгарышмакчы.
-- Кыргызстанчы?
-- Биз сценарий – интеллектуалдык байлык менен кирип, кийим-кече, буюм-тайымдарды камсыздайбыз. Голливуд графиканы, Кытай аппаратураны, Түркия монтаж, музыканы... Ал эми негизги 20 каарманды аткарууга ар өлкө 5тен жылдыз актёрлорду чыгарып, алардын катышуусун өздөрү уюштурушмакчы.
-- Ылайым “Манас” эпосубуз дүйнөлүк тасмага айланып, аалам аралап дүңгүрөсүн! “Манастын уулу Семетейди” кыргыз коомчулугу качан көрө алат?
-- Рахмат! “Манастын уулу Семетей” тасмабыз 22-июндан тартып Бишкекте “Манас” кинотеатрында көрсөтүлө баштамакчы. Ал эми жалпы элге теле жана интернет каналдар аркылуу чет өлкөлөрдөгү көрсөтүүлөрдөн кийин чыгарылат.











