Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашым элүүдөн өткөндө жаш кызды жактырып калдым...

Жашым элүүдөн өткөндө жаш кызды жактырып калдым...

23-январь, 12:09
8 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым элүүдөн өтүп калганда, жаш кызды жактырып, сүйүү азабына кабылдым.  Жумушума байланыштуу ал кыз эшигимди какты. Мен аны көргөндө эле башкача сезимге курчалдым. Анын жумуштары бүткөн соң, калп эле бир нерсеге шылтоолоп, бийкечти түштөнүүгө чакырдым. Ал дароо эле макул болду. Экөөбүз жөн гана сүйлөшүп отурдук. Ал ансайын мени өзүнө арбап алды.

Бир күнү мага байланышып, жардам керек экенин айтты. Мен ушуну эле күтүп тургансып, кубануу менен дароо эле макул болдум. Эмнегедир ал кыз такыр оюман кетпей калды. Күндө телефонуна түрлүү смстерди жөнөтүп турдум... Убакыттын өтүшү менен ал мага смс жазбоомду суранып, бул үчүн жигити экөө урушкандыгын айтты. А бирок, мен аны оңой эле унута албадым. Жубайым да курбусу экөө ошол кыз менен жазышкандарымды окуп коюптур. Үйдө жаңжал чыкты. Мен аялыман кечирим сурабастан “ажырашалы” деп айттым. Бирок ал ыйлап, мени сүйө турганын, кечирерин айтты. Айла жок ошентип урушуп-талашып жатып, акыры аялым менен элдештим. Бирок, берки жаш кызды такыр эле унута албай койдум. Үзүлбөгөн үмүтпү, айтор, 2 жылдан бери ошону эле карап, эмне кылып жүргөнүн билип турам. Жакында эле турмушка чыкканын угуп, башыман муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Ага эч нерсе болбогондой, куттукттоо сөздөрүн жаздым. Анткен менен ошол күндөн бери өзүмө келе албай жүрөм. Мындай катуу сүйүп каларымды өзүм деле ойлобоптурмун. Чынын айтсам, кээде туруп, аны өзүмө каратуу үчүн дубалатып алууну да ойлодум. Бирок буга бара албадым. Кийин уксам, ал мага ошол кезде жигитим бар деп калп айтыптыр. Ал башка бала менен таанышып, ошого турмушка чыгыптыр. Азыр бактылуу экен. Канчалык аялыма тартылып, тиги кызды унутууга аракет кылдым, бирок, баары бир жүрөктө жашай берет экен. Не кылсам? Ажыраштырып алсамбы?..

Азиз Бектурганов

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер