Акыркы кабарлар
» Коом » Аялды кыйнап өлтүргөн кылмышкерлер изделүүдө
Аялды кыйнап өлтүргөн кылмышкерлер изделүүдө
10-декабрь, 12:56


23-ноябрь күнү болжол менен саат 10.30дарда Кулунду — Жаңы-Жер автотрассасынан 80 метр алыс жерден уруп-сабалган аялдын сөөгү табылган.
Укук коргоо органдары Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынан табылган сөөктү таанууга жардам сурап кайрылган эле.
Аялдын муунтулуп, мууздалып каза болгону аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала берген жыйынтыгына ылайык, аял үч күн мурда каза тапкан.
Маркум аялдын чөнтөгүнөн 25 миң тажик сомоний чыккан.
Жакында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сөөгү табылган аялдын ким экени аныкталды. Маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы Т.А. аттуу жараны, эки баланын энеси болгон.
Учурда, аялды кимдер кыйнап, өлтүргөнү иликтенүүдө.
Aryba.kg