Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалгыз Бекназаровду садага чаппай, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн да айдап келүү керек

Жалгыз Бекназаровду садага чаппай, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн да айдап келүү керек

21-сентябрь, 00:21
639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Банк кутучаларындагы миллиондорго, кылмыштуу аракеттер боюнча баюуга шектелген Азимбек Бекназаровдун камалышы коомчулукта талкуу жаратты. Эске салсак, Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Алардын 13ү эркиндикте, эс алууда, кызматтарда жүрүшсө, бул жагы кандай болуп калат? Калыс караш керек го? Жалгыз Азимбек Бекназаров жоопкерчиликке тартылып атса, аны менен телефондон “миллиондорду бөлүштүрүү амалында” сүйлөшкөн Темир Сариев тойлордо жыргап жүрөт. Бул таризде соцтармакта ой-пикирлер козуп кетти да. Негизи 7-апрель төңкөрүшүнөн кийин күмөндүү көрүнүштөр, шек жараткан окуялар арбын эле болгон. Башкасын айтпасак да, Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү жана алардын жакындары кыска аралыкта байышып, көздөрүн май басып калышканын кантебиз? “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” дейт. Карапайым калк көп былык иштерди биле бербейт. Аныгында, жеке Бекназаровду гана садага чаппай, башкаларын да тобу менен суракка айдап келип, адилеттүү каралса, элге ачык маалымат берилсе, ошондо гана көңүл жай алат эмеспи. Эң ириде акыйкаттан тайбайлы... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер