Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда эң жогорку пенсияны кимдер алышат?

Кыргызстанда эң жогорку пенсияны кимдер алышат?

04-декабрь, 15:34
520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 104 миң сомду түзө турганын Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Кыргызстанда пенсиянын эң төмөнкү көлөмү айтылып келерин, бирок эмнегедир эң жогорку пенсия айтылбай турганына депутаттар кызыкты.

Ирсалиев эң жогорку пенсияны ким аларын айтууга укугу жок экенин билдирип, болгону анын көлөмүн гана айта аларын кошумчалады.

Учурда 2000дей персоналдык пенсионер бар, алар орто эсеп менен 15-16 миң сомдун тегерегинде акча алат. Мындай пенсионерлердин саны жылдан-жылга кыскарып келе жатат. Себеби Кыргызстанда персоналдык пенсияга чыгуу тартиби жоюлган.

Социалдык фонддун буга чейин берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1200 сом пенсия алгандар дагы бар.

Кыргызстандагы эң жогорку пенсияны кимдер ала тургандыгын Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев ачык айткан жок.

104 миң сом пенсия алган адамдын ким экени табышмак бойдон калды.
Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер