Райкан Алкановдун чоң атасын Токтогул эмес, Үмөтаалы ырдаган
“Кудабайдын Асаны, куру кайнабайт казаны” деген ыр саптары Таласта кеңири белгилүү. “Аны залкар Токтогул ырдаган” деп Кудабайдын балдары мактанып айтып жүрүшөт. Бирок Током бир кичинекей айылдын байы болгон Кудабай эмес, жамы кыргызга аты чыккан Рыскулбектин балдарын “Беш каман” деп катуу сындап төккөн эмеспи. Анан кантип жетиген Кудабайдын Асанын мактап ырдасын? Чындыгында жогорудагы саптарды ак тандай ырчы Эсенамандын уулу Үмөтаалы созгонун көпүрө-базарлыктар айтып жүрүшөт.
Окуянын чоо-жайы мындай: Үмөтаалы тойдон келатып, Кудабайдын Асанынын айылынан өтүп баратканда, аны Асан чакырып алып, “мени мактап ырдайсың” деп буйрук берет. Үмөтаалы ага болбой койгондо, Асан жигиттерине карматып, мойнуна кылыч такап, “башыңды алам” деп коркутат. Анан Үмөтаалы айласы жок ушинтип мактап ырдаган турбайбы. Мындай өкүмзордукту жасаган Кудабайдын Асаны – азыркы белгилүү ишкер, өзгөчө Таласта кыздар чатагы менен дүңгүрөп аты чыккан Райкан Алкановдун чоң атасы. “Аккан арыктан суу агат” деген ушул эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити