“Эл ээрчий турган күчтүү оппозиция жок”
-- Жазгы саясый кырдаалга божомолуңуз кандай? Бийликке каршы күчтөр “кемпирабадчылардын” айланасына чогулушу мүмкүнбү, же оппозициянын келечеги жокпу?
Манас Осмон, журналист:
-- Өлкөдө саясый кырдаал туруктуу. Мафиялар менен жемкорлорго карата жасалган иш аракеттер элден колдоо тапты. “Жаман” дей берсек уят. Мамлекеттик системанын ичиндеги мите курттардан арылуунун өзү үлкөн иш. Бул бийликтин өмүрүн узартууга жетиштүү себеп десек болот.
Менимче, Кемпир-Абад маселеси убактылуу болсо да жабылган тема. Аны менен элди козутуу идеясы эң начар көрүнүштөрдүн бири. Эл ээрчий турган күчтүү оппозиция жок. Алардын башын бириктирген лидерди да көрбөй турам. Акаев, Бакиев, же Атамбаевдин заманындагыдай күчтүү оппозиция азыр жок. Жаш саясатчылар оппозицияга аттанып жатышат, бирок аларда да билим тайыз болуп жатат. Анүстүнө оппозиция аябай майдаланып кетти. Күрөшүү тактикасын да өзгөрттү окшойт. Мурда нааразычылыктар Ала-Тоо аянтында айтылса, азыр соцтармак аркылуу гана айтылып жатат. Оппозициянын мындай форматы элди үгүттөөгө жарабай калды.
Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер:
-- Азырынча эч кандай божомол жок. “Кемпирабадчылар” деле, башкалары деле тынч. Оппозиция иштесе эмдигиче иштейт эле да. Мисалы, Адахан Мадумаровду камап койду эле, ал деле тынч отурат. Демек, баары эле “туура камалдык” деп моюндарына алып отурушат окшойт. Сыртка чыгып кетишкен байларга байланышы барлар эле өздөрүнчө күч болуп чыгышпаса, азырынча бийликке каршы эч кандай таасирлер деле байкалбайт. Баарын тынчытып койгондой...
Бакыт Усенбаев, серепчи:
-- Кемпир-Абад жана камактагы журналисттер боюнча куугунтукту токтотуп, элдин үнүн угуш керек. Эл бар – Жогорку Кеңеш бар, эл бар – президент бар. Биз эркин сүйлөп, эркин жазуу менен айырмаланып турабыз. Мен дагы Кыргыз Республикасынын өнүгүп өсүшүнө тилектешмин. Оппозиция болуп келген, боло берет. Сын-пикир айтылып турушу керек. Бул менин жеке оюм.
"Азия Ньюс" гезити