Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстандык өндүрүшчүлөр Россияда 100 дүкөн ачууну пландап жатат
Кыргызстандык өндүрүшчүлөр Россияда 100 дүкөн ачууну пландап жатат
14-июнь, 17:52
309 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандык өндүрүшчүлөр менен айыл чарба продукцияларын кайра иштеткендер беш жыл аралыгында Россиянын ири шаарларында өз продукциясын саткан 100 дүкөн ачууну пландап жатат. Бул тууралуу "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКнын башкы директору жана агроөнөр жай комплексинин өкүлү Манас Белошаров билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанга россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык ишкерлик миссиясы келген. Анын алкагында жыйын өтүп жатат.
Белошаровдун айтымында, Россияда негизинен айыл чарба продукциялары соода тармактары аркылуу сатылат. Бирок алардын койгон шарты бардык эле өндүрүшчүлөрдү канааттандыра бербейт. Ал эми базарларда сезондук гана продукция сатылат. Буга байланыштуу Кыргызстандын агроөнөр жай секторунун өкүлдөрү өзүнүн соода тармактарын ачууну чечишти. Декабрда Новосибирскиде "Салам" дүкөнү ачылып, кийин экинчиси ишке кирген. Мындан тышкары, дүңүнөн саткан эки кампа иштеп жатат.