Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелистин “хайван” деген сөзү азыр да кулагыма угулуп турат

Мелистин “хайван” деген сөзү азыр да кулагыма угулуп турат

09-декабрь, 11:33
2 223 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Раматылык Мелис Эшимкановдун көзү тирүү болгондо 9-декабрь күнү 59 гана жашка чыкмак. Ал Кыргызстандын саясатына бир башкача “погода” кылып турат эле. Дегеним, көзү тирүү болсо, парламенттик шайлоодо биз күтпөгөн адамдарды алдыга сүрөп, ошол эле учурда Мекеме каршы чыккан эки-үчөөсүн жер сүздүрүп коймок. Бул эми бир эле чекеси дейли.

2005-жылы 24-март болчу. Баарыбыз митингге даярданып, таңкы саат сегизде “Агымдын” офисине чогулдук. Бир нече плакаттар, а жерде “Акаев кетсин!” деген ж.б.  жазуулар. “Саат тогузга чейин бир сааттай бар экен. “Суке, кел бир-эки партия шахмат ойной калалы” деди. Кабинетке кирип, бетмаңдай отуруп “чабыша” кеттик. Бир маалда телефону шыңгырады. Айдар Акаев экен. Ага “атаңа айт, эл чогулуп атат. Митинг болот. Мунун арты жакшы эмес. Андан көрө эл алдына чыгып, татынакай бийликти өткөрүп берсин!” деди. Биз шахматты уланттык. Бирөөсүн ал утту, бирөөсүн мен уттум. Телефон кайрадан шыңгырады. “Атакем экөөбүз сиздин айтканга макул болдук. Апакем менен эжекем макул болгон жок. Бизде артка жол жок. Эл алдына атакем чыкпайт. Армия Акүйгө келди” деди окшойт. Ошондо эле Мекем “хайван” десе, өз убалыңар өзүңөргө, бекер кылдыңар!” деп телефонду койду да, “экөөбүз бул партияны уттук. Акаевдер уттурду, жүр кеттик “Улан” кичирайонго, а жерде Алмаз Атамбаев эли менен бизди күтүп атат” деп кабинеттен чыга берди. Ошондо түш оой Акүй алынды. Акаевдер качып кетти. Бийлик урады. Мелистин кыйындыгын кара, баарын көрө билген, саясатта “погода” жасай алганын! Ошондогу “хайван” деген сөзү азыр да кулагымда угулуп турат... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер