Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы автоунаа. Жүрөк сыздаткан таштын изи...

Жаңы автоунаа. Жүрөк сыздаткан таштын изи...

22-март, 22:52
1 055 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күндөрдүн биринде бай жигит жаңы сатып алган автоунаасында ырахаттануу менен музыка угуп, шамалдай учуп бара жатат эле. Жолдун четинде отурган балдарды көрүп, машинасын жайлатып өтүп, кийин дагы ылдамдаткысы келди эле, ошол учурда машинасына бир таш учуп келип урунду. Унаасын токтоткон эркек ачууланып машинадан түшүп, баланы жакадан алып, кыйкыра баштады: “Акмак бала! Машинама кайсы башың менен таш ыргыттың?! Бул унаа канча турарын билесиңби?” Ошондо бала көздөрүнө жаш алып, калтыраган үн менен: “Кечиресиз байке, сизге жана сиздин унааңызга жаман ниет менен таш ыргыткан жокмун. Мени кечирип коюңуз. Апам майыптар коляскасынан кулап түштү. Апамды көтөрүп коляскага отургузууга күчүм жетпей турат. Бир нече сааттан бери өткөн машиналардан жардам сурадым, бирок, эч ким токтогон да жок, маани да беришпеди. Ушундай жол тутууга мажбур болдум. Болбосо сиз деле токтобойт элеңиз...”

Унаанын айдоочусу майып энени коляскасына отургузуп жатканда, тамагына ачуу таш тыгылып, көзүнөн каалоосуздан жаш тегеренип кетти.

Ал киши бул машинасын көп жылдар бою айдады. Машинасын ремонтко бергенде ошол таштан калган изди эч оңдотподу. Анткени ошол таштын изи ага адамгерчилик жөнүндө сабак берген эле


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер