Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Касымалиева: “Сооронбай Шарипович, эл сизди эмитен эле сагына баштады”

Аида Касымалиева: “Сооронбай Шарипович, эл сизди эмитен эле сагына баштады”

16-октябрь, 17:39
8 374 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков! 

Ушул күндөрү биздин көз алдыбызда тарых жазылууда. Ар бир кабыл алынган чечимди кайра кайтарып алса болбойт. Ал чечимдер кандай жыйынтыкка алып келерин биз кийин гана көрөбүз. 

Бүгүн калың эл сиздин кадырынызды миң эселеп билип, кетишиңизге кайгырып турат. Эмитеден эле эл сизди сагына баштады.

Баары көрүп, баардыгын билип турушат. Кадырыныз чыныгы калың журттун жүрөгүндө экен! Көрсө, атайлап жасалган кара пиар сизге жукпаптыр. Эл сыйлап, бул кадамынызды алкоого алган учур! Мындай кадам, чыныгы элин сүйгөн, жерин сүйгөн адамдын колунан гана келет!

Мүмкүн сиздин душмандарыныз бүгүн кубанып, эртең эл сыяктуу кайгырышаар... Аны мезгил өз ордуна коет...

Айкөлдүгүңүздү, чыдамкайлыгынызды, ар кандай сынды көтөргөнүңүздү, чыныгы президент-государственник мүнөзгө ээ сапаттагы адам экениңизди баса белгилегим келет. 

Башкалар башкача ойлонгондур. Бирок жараткан оң жолдо жүргөн инсандын жолун кандай гана каралоо болбосун, тоскоолдук жаратпасын, баардык кыйынчылыктан өзү сактайт! Буга бул күндөр күбө! Сиз чыныгы элдин даанышманы болдуңуз! 

Байлык, бийлик, мансап колдун кири экенин, биринчи адамдык сапатыңыз бийик экенине калын эл баа берип турат. 

"Мен президент болордо, бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм" деп убада берген эмесмин. Мен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем. Бир адам үчүн "саткын" аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын" деген сөздөрүңүзгө бек болдуңуз. 

Сөзүмдүн аягында баардык тараптарга кайрылгым келет. 

Нашим основным принципом, главной задачей должно стать - достижение максимального общенационального консенсуса. 

Мы все вместе должны принять в ближайшие дни решения, которые будут отвечать интересам нашего единого народа Кыргызстана. Они не должны ущемлять ничьи интересы. Именно достижение общенационального согласия соответствует задачам, стоящим перед государством.

Главная наша задача на сегодняшний день - это сохранение мира, законности и общественного согласия.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаровко жана анын командасына ийгилик каалайм. 

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!” деп вице-спикер Аида Касымалиева жазып чыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер