Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

01-октябрь, 23:29
250 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 Соцтармакка жарыяланган көркөмдүгү “көк канат”, желдирме ырларды окуп отуруп, “бу азыркы ыр жазгандар чала бүткөн ырларын сыясы кургай электе эле окурманга сунуш кыла берип, алешем саптарды окуган элдин да табити бузулуп бүттү” деп түйшөлүп, ичимен чийки май жегендей болуп жүргөм. Анан эле күндөрдүн бир күнүндө Аида Эгембердиеванын “Тиргилик” деген ырын, аны мактаган 54 пикирди окуп калдым. Бул азыркы учурдагы соцтармакта байма-бай жарыяланган дилетанттардын ырлары сыяктуу типтүү көрүнүш болчу. Соцжелеге чыккандардын арасында жаш талапкерлер, пенсионер-ышкыбоздор да бар, алар “чийки” ырларын сын угуш үчүн эмес, ага-ини, курбу, достор, тааныштарынан жылуу сөз угуш үчүн коюшат. Ушунча болуп, соцжеледе теориялык көйгөйлөрдү мындай коёлу, олуттуу бир адабий талкуу жүрүп, кайчы пикирлер кагылышып, же бирөөнүн сынга кабылып, ачуу чындык айтылганын көрө элекпиз. Эми калеми төшөлө элек авторлордун го жөнү башка, ал эми бир нече китеп чыгарып, “такшалып калды” деген акыныбыз Аида Эгембердиеванын туура түшүнөрүн ойлоп, анын алешем, фактурасы чабал ырын колумдан келишинче талдап көрдүм. Менин таңкалганым, “тажрыйбалуу” делген акындын маселени түшүнбөгөнүндө болду. Ал айтылган сынды кабыл албай, “мени жамандап жатат” деп жазды. Лириканын жанр, образ, пафос, синтаксистик конструкциялар деген сыяктуу теориялык категорияларынан кабары жок окурмандардын эки ооз сөз айтып мактаган субъективдүү пикирлери, көрсө ага “майдай” жагат экен, ал ошол көңүл үчүн жазылган куш тилиндей субъективдүү пикирлерди олуттуу баа катары кабыл алып, ал эми ырын талдаган макаланы кабыл албай, сөз чаргытып, чалкасынан кетсе болобу! “Тиргилик” деген ыр талданган макалада А.Эгембердиеванын өзү тууралуу ак-көк маанайында кеп болбосо, анын жеке турмушу, үй-бүлөлүк купуя сырлары айтылбаса, анын “мени жамандап жатат” деп сөздүн төркүнүн өзүнө буруп, окурманды сайга аркандаганы орунсуз эле да. Анан да мен табитим жок  үчүн эл акындары Шайлообек Дүйшеевди, Кожогелди Култегинди, Абдыжапар Эгембердиевди сындап, Сагын Беркиналиеваны мактаптырмын. Аида Эгембердиевага акын Беркиналиеванын ырлары жакпайт экен да, Ш.Дүйшеевдин, К.Култегиндин, А.Эгембердиевдин ырлары жагат тура. Убагында Ш.Дүйшеевдин ырларындагы:

 Алмамбет бузуп жеңесин, 

 Айчүрөк сатып денесин,

 Зоругуп Манас жатат го,

 Зордуктап салып энесин. (Ш.Дүйшеев “Туз”, Б.,2010, 153-б.) деген сыяктуу деструктивдүү мотивдерди, К.Култегиндин айрым учурларда сезим ченин кармай албаганы, А.Эгембердиевдин эпигончулук менен жазылган ырларын сындап, эл жазуучусу С.Раев, эл акыны К.Бакировдор ак жол каалаган жаш акын С.Беркиналиеванын ырларындагы айрым табылгалар тууралуу жазгам. А Эгембердиева болсо “Ш.Дүйшеев, К.Култегин, А.Эгембердиевди сындаганга, С.Беркиналиевага жылуу сөз айтканга болбойт” деген субъективдүү ойдо калыптыр. Анын бул пикири эч кандай талдоолорго, аргументтерге таянбай эле айтылган жайдак сөз, а жообунда илимий категориялар менен ой жүгүртүүнүн изи да жок. Ошол ортозаар ырына көптүн шары менен каалоо-тилек жазган күйөрмандарынын деңгээлинде эле “жагат-жакпайт” деп субъективдүү баа берүү болуп жатат. Ал эми анын ырын талдаган макала “жамандоо” болуп чыкты. Ал акын катары да, адабиятчы катары дагы талдоого талдоо, аргументке аргумент менен жооп берип, полемикага чыгып, жүйөлүү пикир айтканга жараган жок. Филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева ушинтип “жагат-жакпайт” деп, эптеп эмпирикалык деңгээлде жооп жазып отурса, анда адабияттагы, илимдеги абалыбыз аябай эле начар экен (!) деген ойдо калдым. Анан да ырдын мазмунунда жок мезгилди айтып, “пандемияда жазылган” деп актанат: пандемия кечээ жакында эле болуп өттү, анын кандай болгонун элдин баары билет, эгер ырда эл-журтту азапка салган апаат берилип, “тез жардамдын” жүрөк заада кылган сиренасынын үнү угулуп, дарттан үрөйү учкан элдин карааны көрүнүп турса, же каарманы “кызым беткап тагынбай кетти, эми кандай болот?” деп санаага батса, анан “ушуну укпай-көрбөй мени сындап жатат” десе жарашмак, бирок ырда ал учурду сүрөттөгөн эч кандай белги жок. Автор ар бир ырына ушинтип комментарий жазабы? “Муну айтмакмын, тигини айтайын дегем” деп. Ошол эмпирикалык деңгээлдеги алакандын отундай чакан жообунда “мага ыр кандай келсе, ошол жазылат” дегени кызык. Маселенин баары анын чыгармачылыкка болгон ушул “керемет” кредосунда. Ал ырдын фактурасынын үстүнөн иштебесе, тер төгүп узанбаса, ыр кайдан эстетикалык асыл наркка, кантип нукура поэзияга айланат? Көрсө, ал “сокур чымындуу” көптөгөн дилетанттардай эле эптеп чүргөлгөн саптарын жармач бойдон жарыялай берет турбайбы. Ошон үчүн ырда жандуу турмуштун, лирикалык каармандын жазмышынын издери жок, жалган пафос, жасалма саптар, чалыштаган уйкаштар кашкайып көрүнүп турат. Салижан Жигитовдун: “Биздин акындар ырын баса отуруп иштебей, ийине жеткирбей, изденбей эле чала бүткөн бойдон чыгара берет” дегени чыгармачылыкка ушундай ат үстүнөн мамиледен улам күйгөнүнөн айткан да. Азыр классикага айланган “Элегия” аттуу ырын жонуп-түзөп, С.Жигитов узак жылдар бою узанып, бир нече вариантын жазган экен. Азыркы кыргыз поэзиясына жаңы ыргактарды алып келген таланттуу акын Жолдошбек Зарлыкбеков “Билгенге, чыныгы ыр чыгаруу тозоктун иши” деп изденүүнүн азаптуу жолдорун басып өткөндөн кийин жазган да.

Өткөн жылы учурдагы сындын жана адабият таануунун абалы тууралуу (“Сын жана адабият илиминин күйдүргү көйгөлөрү”, “Аdаbiat.кg” сайты 08.04.2023) макала жарыялап, сындагы, илимдеги теориялык маселелер боюнча да сөз кылып, аялдар поэзиясы темасында жазылган А.Эгембердиеванын докторлук диссертациясын мисалга келтиргем. Менин максатым: оркоюп көрүнүп турган кемчиликтер, көйгөйлөрдүн тегерегинде илимий багытта дискуссия жаралса деген ойдо элем, бирок биздин адабий, илимий коомчулук олуттуу адабий, илимий көйгөйлөрдү талкуу кылганга даяр эмес экен. 30 жыл жалаң эле каржылык, экономикалык кризис болбоптур, руханий кризис да өтө эле тереңдеп кетиптир. Чыгармачыл жана илимий интеллигенциябыз баардыгын субъективдүү кабыл алып, субъективдүү баа бергенге өтүп алышыптыр, көкөлөтө мактаган жагымпоз сынга жедеп көнүп, адабият, илимдин түйүндүү көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүшүп, жүйөлүү пикир алышууга эч кимдин ниети да жок тура. Көрсө, акын-жазуучулар ортозаар чыгарма жазып, китебин чыгарып алып, чайкоочулук менен наам, сыйлык алганга чуркашып, мансап күткөнгө жанталашып, адабиятчылар эптеп чүргөгөн диссертациясы менен кандидат, доктор илимий даражасына ээ болушса, андан кийин адабиятты “кайдан көрдүм эле” дегенсип бүшүркөп, бейтааныштай көңүлкош карашып, адабияттын аркасы менен наам, даражага, сыйлыктарга жетип алышып, ага карата кайдыгер мамиле жасап, кор тутушат экен. Ошо менен талкуунун оту “дүрт” этип тутанган жок, ал эми күйөрмандарынын оозеки мактоолоруна көнүп, наам, даража, сыйлыктарды башкаларга окшоп убара болбой, кыйналып-кысталбай, жеңил эле алып көнгөн А.Эгембердиева айтылган сынды кабыл албай чычалап, “Кыргыз туусунун” кабарчысы Болотбек Таштаналиевге маек берип, “мага асылып жатат” деп жооп берген. Кырдаал тигиндей болуп жаткандан кийин мен деле сөздү уланткым келген эмес. Бирок А.Эгембердиева соңку жазган жообунда ( www.facebook.com https:// www.facebook.com /groups/13249…) Медетов “2023-жылдын 8-апрелинде Жазуучулар союзунун “Аdabiat.kg” сайтына жарыялаган макаласында ырларымды жана докторлук диссертациямды жамандаган» деп, ал өзү ошол маселени кайра көтөрүп чыкты. Эми кеп кезеги келген соң, биз да анын дооматтарына жооп берели. 

Эмесе, сөз башынан болсун. А.Эгембердиева “Медетов мен жөнүндө “жайсаңчы” деп корутунду чыгарган” деп актаныптыр, ал жазган макалаларында, алтургай китебинде “Манас” кайыптан алынат, арбактар айтат” деп жайсаңчылардын “төл сөзүн” айтып жатса, сот тарабынан “экстремисттик адабият” деп чечим чыккан Бүбү Мариямдын он томдон турган халтура “Айкөл Манасын” келтирет. “Анын алгач сан, цифра түрүндө маалымат болуп түшүп, андан соң ал чечмеленип, анан гана ыр саптарына айлантылары тууралуу айтылат” (А.Эгембердиева “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык стилдик өзгөчөлүктөрү” Б.,2012, 223-б.) деп, анын кандай “керемет, сыйкыр” экенин жар салып, салттуу “Манас” менен жаңы “Айкөл Манасты” текстологиялык изилдөө жүргүзүү керек” деп демилге көтөрүп чыккан да ушул Эгембердиева болсо, албетте, ушундай фактылардан кийин ал жайсаңчы болбогондо ким? Аталган китебинин 223-бетинде ак баракка кара тамга менен жазылып турган жогорудагы сүйлөмдөр Аида Эгембердиева кыларын кылып, кыл жип менен бууп койгонун далилдеп турса, ал муну кантип танат? “Даутовго колу тийген” деп жазыптыр. К.Даутовдун “Алп акындын албан түстүү дүйнөсү” аттуу монографиясындагы мүчүлүштүктөрү тууралуу “Сынчы Кадыркул Даутовдун субъективизми, же Барпы мактоого муктажбы?” деген аталышта полемикалык макала жазгам. А.Эгембердиева ушакты кеп кылып, жеке мамилелерди териштирбей, ошол макаланын оң-терс жактарын илимпоз катары талдоого албайбы? Убагында К.Даутов экөөбүздүн ортобузда полемика орун алган. А.Эгембердиева ошол полемиканын оң-терс жактарын көрсөтүп берүүнүн ордуна, көзү өткөн сынчы менен менин мамилем жөнүндөгү ушак сөздү козгоп, аны адабиятка аралаштырып, илимге эч тийешеси жок майда сөздү ырбаткысы келет. Мындан А.Эгембердиеванын илимий денгээли, адамдык табияты, болгон дарамети кашкайып эле көрүнүп турат. Акыл токтотуп, сын, илим тууралуу сөз кылууга кылдай да ниети жок, анткени ал адабиятты да, илимди деле жыргатып түшүнбөйт окшойт. Жел сөздү көбөйтүп “тигил тигинтип айтты”, “бул минтип салды” деп эле көчөнүн сөзүн сүйлөй береби? Болбосо, анын досторунун, ага-инилеринин, тааныштарынын жеке пикирлеринин адабий сынга, илимге кандай тийешеси бар? Филология илимдеринин доктору даражасы болгондон кийин казан-аяктын деңгээлиндеги майда сөздөн өйдө көтөрүлүп, адабий булактарга таянып, оюн аргументтер менен бекемдеп, этиканы сактап, негиздүү илимий полемика жасаганды үйрөнүп, наам, даражасына жараша олуттуу аңгеме-дүкөн курганга өтсө туура болмок. 

Эми монографиясы тууралуу сөзгө өтөлү. А.Эгембердиева диссертациясы боюнча менин айткан пикиримди кабыл албай ыргыштаптыр. “Ишимде аялдар поэзиясынын тарыхы хронологиялык тартипте – совет мезгилине чейинкиси, совет учурундагысы, постсоветтик учурдагысы иликтөөгө алынган” деп канчалык актанса да, дүйнөлүк филология илиминде бир да адабияттын тарыхы жынысы боюнча бөлүнүп, аялдар поэзиясынын тарыхы өз алдынча каралган эмес, бул – теориялык негизи жок, абсурд маселе. Анан да А.Эгембердиева диссертациясынын темасын унутуп калган окшойт, ал иш “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” деп аталат. Демек, иште жалаң эле “тарых” эмес, башка да олуттуу маселелер кабыргасынан коюлуп, башы ачылып, илимий жагынан чечмелениш керек эле, бирок бул иш “чөп башылап”, эптеп жазылган илим сымак диссертациялардын бири бойдон калган. 

Жаштарды көтөрмөлөп, жоомарт мамилесинен жазбаган академиктер А.Эркебаев менен О.Ибраимов убагында сүйөп-таяп, кожосандай колдоо көрсөтүп, А.Эгембердиевага илимий даража алганга жардам берген экен, бирок бул эки аалымдын илгери үмүт, жакшы ниетине чайкоочулук кылыптыр. “Анүстүнө докторлук диссертациямдын илимий кеңешчиси, академик Осмонакун Ибраимов экендиги жана мен ишимди диссоветтин төрагасы катары академик Абдыганы Эркебаев турган учурда коргогондугум көп нерсени айтып турат” деп жазган жообунда: “Мага пир болгон бул эки авторитеттин ак батасы менен диссертациямды ийгиликүү коргосом, ЖАКтан жогору бааланып, бекигенден кийин эмнеге сындалат?” дегендей кергиштеп, текеберлик кылганы илим чөйрөсүндө ашыналык менен протекция гүлдөп, кимдердин заманы болуп, доорону сүрүп жатканын каңкуулайт. Мындай учурду кыргызда “Тоосу бийик кийиктин көзү кызыл” деп коюшчу эмес беле? Бирок академиктерди бетине кармап, колко кылганга А.Эгембердиеванын укуктук жагынан да, этикалык жагынан да акысы жок болчу. Илимдеги бул эки шаанын ат көтөргүс эмгегин жамы журт билет, бирок алардын ысымы башкалардын диссертациясын халтура деген “оорудан” сактай турган панацея эмес. Жоопкерчиликти сезген илимпоздун ыйман-парасаты алардын атын жамынууга жол бербейт. Себеби, жарыяланган кандай текст болсун: мейли ал ырбы, же диссертациябы, макалабы, ага автор өзү гана керт башы менен жооп берет. 

А.Эгембердиева: “Мен сынчы эмесмин. Менин жазганым – адабий изилдөө. Экөөнүн спецификасы эки башка” деп сын менен адабият илимин от менен муздай, ак менен карадай карама-каршы койгон. Сын менен адабият илими кайнаса каны кошулбаган түрлөр болсо, В.Белинский, Б.Эйхенбаум, В.Кожинов, Л.Аннинский сыяктуу сынчылардын макалаларына эмне үчүн академиктер баш, филология илимдеринин докторлору төш болуп таянып, изилдөөлөрүндөгү илимий-теориялык жоболорун бекемдеш үчүн алардын адабият тууралуу эмгектерине шилтеме берип, пир тутуп жүрүшөт? Сыягы, алар А.Эгембердиева айтып жаткан “эки башка спецификаны” түшүнүшпөйт го... Филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева эгер билбесе, кеч болсо да билип алсын: адабият таануу адабият тарыхы, адабият теориясы жана адабий сын деген үч бөлүктөн турат. Адабият тарыхы теорияга таянып, өткөн мезгилди изилдесе, адабий сын учурдагы көркөм процессти иликтеп, баа берет. Айрымасы ушул. Кезинде А.Эркебаев, О.Ибраимовдор сенсациялуу макалалары менен адабий процесстин ажарын ачып, жанын таштап иштеген калеми курч сынчылар болгонун А.Эгембердиеванын эсине сала кетели. Соцтармакка жарыялаган ыры жана докторлук диссертациясы боюнча айтылган сынды кабыл албай “асылуу”, “жамандоо” деп тыянак чыгарган А.Эгембердиеванын субъективдүү, калпыс пикири боюнча А.Эркебаевдин Ш.Эсенкуловдун халтурасы тууралуу жазганы, К.Артыкбаевдин окуу китебиндеги теориялык, методологиялык каталар жөнүндө макаласы, же О.Ибраимовдун С.Акматбекованын, Р.Карагулованын ырларын сындаганы аларга “асылуу”, “жамандоо” болобу? Ооба, Аида Эгембердиеванын карапайым аң-сезимдин деңгээлинде жасаган “ачылышы” боюнча баа берсек, ошондой болуп чыгат...


(Уландысы кийинки санда) 

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер