Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурали Талипов: “Кадамжай районуна 500 жумушчу орундуу фабрика ачууга ниетим бар”

Нурали Талипов: “Кадамжай районуна 500 жумушчу орундуу фабрика ачууга ниетим бар”

26-август, 17:45
2 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурали иним менен тар чөйрөдө жолугуп, жакындан таанышып калдык. Эгемендик алган жылдардан тарта башынан нечендеген оор күндөрдү өткөрүп, турмуш өзү ийлеп-ийлеп бышырып, жеке ишкерлик жакка ыктатканын, анын да түмөн түйшүгү бар экенин айта отурду. Анда кеп башынан болсун.


-- Нурали, “Москва бир эле күндө курулган эмес” деп айтылып келет. Жеке ишкерлик жакка багыт алууңа эмне түрткү берди, кандай иштен башталып кетти?

-- Кадамжайдан мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келдим. ИИМдин академиясынан билим алып, ийгиликтүү аяктаган соң үйлөндүм. Баары ушундан башталды. Акча каражатынан аябай кыйналдык. Тиягына, быягына тартасың, баягы эле карапайым эл көргөн кыйынчылыктар. “Өгүз өлбө, араба сынба” деген турмуш... Мен жактан таежем, колуктум жактан апасы жардамга келди. Кайненем соодада жүргөндүктөн биргелешип “Дордойдон” контейнерди ижарага алып, иштетип көрүүгө батындык. Башында баары эле ойдогудай боло калган жок... 

-- Кыргыз “бир эле күндө байысам” деген чолок ой менен жашайт эмеспи. Сенде андай болбодубу?

-- Бир күндө болбосо да, “тезирээк эле кыйын абалдан чыксак экен” деген ой жубайым экөөбүздө тең болду. Биздин контейнерге даяр кийим-кечек дүң баада келет. Анын үстүнө 5-10 сом кошуп сатасың. Түшкөн киреше ижара акысын жабат, анан чай-пайыбызга эптеп ашат. Буга да шүгүр кылдык. Бирок, эмне үчүн ошол даяр кийим-кечекти өзүбүз тикпейбиз? Ушундай ой келди. Бассак-турсак мээбизден чыкпай туруп алды. 

-- Мен билгенден келинчегиң экөөңдүн кийим тигүүчү чакан фабрикаңар бар. Нөлдөн баштапсыңар. Аны куруу жана ишке киргизүү деле оңойго турбаса керек?

-- Сиз айткандай нөлдөн баштадым. Эжемдин 15 сотых жерин сурап алдым. 100 орунга ылайыктап, кийим тигүүдө баардык заманбап технологияларды эске алып, акыркы үлгүдөгү шаймандары, андан сырткары, тамак иче турган ашканасы, жатып эс ала турган жатаканасы, бир сөз менен айтканда, кийим тигүүчүлөр үчүн баардык шарттар каралды. 

-- Бүгүнкү күндө чакан фабрикаңар иштеп, андагы тигүүчүлөрдү айлык акы менен камсыз кылып атсаң керек?

-- Шүгүр дейли. Ооба, чакан фабрикабыз толук кандуу иштеп атат. Тигүүчүлөрдүн эң аз алганы жумасына 8-10 миң сом. Ал эми көпчүлүгү 20 миң сом алышат. Бир айда 100 миң сом алгандар да бар. Мындан сырткары, иш иши менен, коллективди Кыргызстандын кооз жерлеринде эс алуу жагы да каралган. Быйыл Ысык-Көлгө эс алып келишти. 

-- Кайсы кийим-кечектерди тигесиңер жана аны кайда сатасыңар?

-- Биз көбүнчө аялзатына багытталган кийим-кечектерди тигебиз. Көбүнчөсү классикалык үлгүдөгү. Көйнөк-көнчөк, костюм-шым, костюм-юбка, плащтар. Даяр продукцияларыбыздын басымдуу бөлүгү Москва шаарына жөнөтүлөт. Москва соода борборунда атактуу “Люблино” базары бар. Мына ошо жерге 30 тонналык “Карго” фирмасынын фуралары менен жөнөтүлөт. 4-5 күндө барып калат. Анан ал жерден Россиянын булуң-бурчтарына тарайт. Жадагалса Белоруссияга, Украинага чейин кетет. Кээде өтө кыска мөөнөткө көп сандагы буюртма түшүп калса, анда “Авиа Карго” менен бир күндө эле жетип калат, ушу жагы да бар.

-- Эркектердин кийимичи?

-- Негизинен продукцияларыбыз Москвага кетип аткандан кийин орустардын эркектери көп деле кийим кийишпейт экен. Бир костюм менен 7-8 жыл жүрө беришет. Алардын аялдары көп кийинишет. Ушундан улам аялдардын баардык түрдөгү кийимдерин тигебиз. Ал эми эркектерге болгону спорттук кийимдер тигилет. 

-- Москвага ташып отурбай, анча болду ошол эле “Люблино” базарынын жанына фабрика ачсаң болбойт беле?

-- Москвада фабрика ача турган жер тилкесин табуу кыйын, жумушчу күчтү табуу оорчулук жаратат, анүчүн айлык акы жогору болуш керек. Андан сырткары, Кыргызстандын жараны болгондон кийин күтүүсүз тоскоолдуктар көп. 

-- Болуптур, ал жакка азырынча кыйын экен. Ал эми Бишкектен сырткары жакка фабрика ачуу жагын ойлонуштуруп көрдүңбү?

-- Өзүбүздүн Кадамжай районуна 500 жумушчу орундуу фабрика ачууга ниетим бар. Бир четинен миграция, жаштардын өз жеринде иштеп калуусуна жол ачылмак. Андан сырткары, элдин баары “Дордой” же “Кара-Суу” базары дебей, жакынкы райондорду кийим-кечек менен камсыз кылуу жагы жакшырмак. 

-- Нурали, сени туурап “фабрика ачат элем” дегендер жок эместир. Эгер сенден жардам сурап калса, ичкүйдүлүк кылып, ишкерликтин сырын айтпай койбойсуңбу?

-- Биринчиден, “иштейм” деген адамга эч качан бут тосуп, “мага атаандаш болот экен” деп ичкүйдүлүк кылбайм. Ал адамда тажрыйба жана тереңден түшүнүк болуусу шарт. Анан кээ бир адамдар “баштапкы ири капитал керек” дешет. Андай эмес. Бир тигүүчү машинка менен эле үйдө отуруп алып баштаса жаман эмес. 

-- Банкрот болгонсуңбу?

-- Банкрот болбогон адам ишкер боло албайт. Баары эле өзүң ойлогондой боло берсе, элдин көпчүлүгү эмдигиче миллионер, миллиардер болуп кетишмек. Мен да банкротко кабылган учурум болгон. А кезде “Дордойдо” соодада элек. Болгон акчаларыбызды оборотко салып, товар алып койгонбуз. Тажрыйбанын жоктугунан жаңы жылга арналган товарларды декабрь айынын аяк чендеринде контейнерибизди толтуруп салдык. Кашайып товардын 10 пайызын гана сатып үлгүрдүк. Калган 90 пайыздайы “сезону өтүп кетти” болуп, отуруп калдык. Эми аны сатыш үчүн кайра бир жыл күтүш керек да. А акча каражаты тыным албай айланып турганы оң. Ошондо кайрадан нөлдөн баштаганбыз. 

-- Тескерисинче, кыска убакытта силер күтпөгөн киреше кирип?..

-- Андай да болду. Жарым жылга жетпеген учурда Бишкектен үч бөлмөлүү үй алдык. Биздин биринчи жетишкен чоң ийгилигибиз катары абдан кубандык. Андан кийин капиталды чогултуп, 100 орундуу фабриканы ачтык.

-- Биздин Бишкекте илгерки ВЛКСМ фабрикасы бар эмеспи. Ошо жерден эле чоң аянтчаны алсаң болбойт беле?

-- Фабриканы курардан мурда андай жерлерди кыдырып көрдүм. Анын ичинде сиз айткан ВЛКСМ фабрикасын да. Болгон ылайыктуу жерлердин баарын ижарага берип коюптур. Анүстүнө имарат эскирип, кээ бир жерлери авария абалында экен, жеке мени канааттандырган жок. 

-- Колуңда бар жигит экенсиң, кайрымдуулук иштерин кылып турасыңбы?

-- Негизи “оң колуңдун кайрымдуулугун сол колуң билбеши керек” деген сөз бар эмеспи. Бул жөнүндө да өзүм “муну кыйраттым, тигини жасадым” деп жар сала бербейм, мүнөзүмө бап келбейт. 

-- Ошентсе да...

-- Кайрымдуулук иштерди такай кылып турабыз. Айылыма курулган эки мечитке дагы аздыр-көптүр салым коштум. Медресе курулду. Мектебимде жана бала бакчада таалим-тарбия берип аткан эжейлериме формаларды тиктирип, жыл сайын бекер таркатам. Быйылтан баштап 1-класстан 5-класска чейин мектеп формасын баардык окуучуларга бекер берүүнү эп көрдүм. Бул эми чекесин эле чыгардым. Калганын айтсам мактанган болом. Анын баарын элдер билишет.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер