Акыркы кабарлар
» Коом » Италияда акыркы эки күндөн бери вирустан көз жумгандардын саны кыскарды
Италияда акыркы эки күндөн бери вирустан көз жумгандардын саны кыскарды
26-март, 18:51
688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Италияда акыркы эки күндөн бери коронавирустан көз жумгандардын саны кыскарууда. Ошондой эле вирусту жуктургандардын саны 22%га төмөндөдү. Аталган өлкөнүн бийлиги менен эксперттери буга байланыштуу ишеним артууда. Учурда өлкө боюнча карантиндик чаралар күчүндө.
Түндүк Ломбардия облусунда тартипти бузгандар үчүн айып пул 5000 еврого чейин көтөрүлгөн. Аталган аймакта акыркы 24 саттын ичинде коронавирустан каза болгондордун саны 18 пайызга кыскарды. Учурда италиялык дарыгерлерге эл аралык жардамдар берилүүдө. Ошондой катар Кытайдын медицина кызматкерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жатат.