Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен кантип таанышкан?

Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен кантип таанышкан?

20-октябрь, 12:22
1 846 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айгүл Асанбаева 47 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Билими жана кесиби боюнча ачык маалымат жок.

Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Асанбаева коңшу айылдардан болгондуктан, достор менен жаратылышка эс алып чыккан күндөрдүн биринде таанышкан. Асанбаеванын эскерүүсүндө, ал кезде өзү 18, Жапаров 23 жашта эле. Экөө үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүп баш кошкон.

Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан келинчеги менен чогуу каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Балдардын аттары: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.

Тилекке каршы, тун уулу Дастан былтыркы жылдын август айында жол кырсыгынан каза болгон. Ал 22-август күнү 7-Апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ооруканада бир нече күн өлүм менен алышып, 26-август күнү көз жумган. 

Садыр Жапаров жазасын өтөп отурган кезде Асанбаева маалымат каражаттары аркылуу өз оюн дайым ачык айтып, маек берип келген. Жолдошун колдоп нааразычылык акцияларына дагы чыккан.

Кийин экинчи уулу үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган.

ЖМКларга берген маектерине караганда, жолдошу саясый куугунтукта жүргөндө үч жыл бою балдары менен чет өлкөдө жашаган. Ал кезде Польша жана Россия мамлекеттеринде болгонун айткан.

"Биринчи айым болуу баарына буюра бербейт"

Айгүл Асанбаева ЖМКлардын бирине берген маегинде атасын (Садыр Жапаров — ред.) тосуп алуу үчүн барганда күч органдарына кармалган уулун бошотууга жардам сурап, ошол кездеги канайым Раиса Атамбаевага кайрылганын айткан.

"Тааныштар аркылуу чыгып, 20 жаштагы уулум үчүн сурангам. Бирок ал "мен мындай иштерге кийлигишпейм" деп жооп берген. Мен баарын бошотуп жибериш керек деп айтпайм, болгону уулум кылмыш кылган эмес, атасын гана күтүп чыккан эле. Биринчи айым болуш баарына эле буюра бербейт, Кудайдын белеги да. Айкөлдүк, марттык болуш керек деп ойлойм" деген Асанбаева маегинде.

Булак: sputnik.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер