Акыркы кабарлар
» Коом » Миңдеген адамдын өлүмү. Ажал менен арбашкан дарыгерлер эми сүрөттөрдө
Миңдеген адамдын өлүмү. Ажал менен арбашкан дарыгерлер эми сүрөттөрдө
03-февраль, 19:43

Дүйнө жүзүнө дүрбөлөң салган пандемия. Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөн оор кырдаал. Ооруканаларга, стационарларга батпай калган бейтаптар. Миңдеген адамдын өлүмү. Ажал менен арбашкан медицина кызматкерлери. Аларга жардамга келген ыктыярчылар. Жансоогасын тилеп, үрөйү учкан эл...
“2020-жыл” дегенде элдин эсине ушулар түшөрү анык. Дал ушул жагдайды кыл калемге салып, май боёктун күчү менен тарыхта калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси Таалайбек Усубалиев 10дон ашык сүрөт тартты. Ал эмгектердин арасынан «кызыл тилкеде» иштеген медицина кызматкерлерин, каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган Айдана Софияны кошо көрүүгө болот.
Марал FM