Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Абдраева: “Электрондук иш кагаздарына өтүү менен убаракерчиликти жоюп, көзөмөлдү күчөтөбүз”

Айгүл Абдраева: “Электрондук иш кагаздарына өтүү менен убаракерчиликти жоюп, көзөмөлдү күчөтөбүз”

15-май, 12:08
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы кездери билим берүү жаатында реформалар жүргөнү турат. Президенттин жарлыгына ылайык, мугалимдердин айлыктары апрель айынан баштап көтөрүлүүдө, билим берүү жана илим министринин демилгеси менен мектепте 12 жылдык билим алуу системасы киргизилмекчи. Ушул темаларды улай, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору Айгүл Төлөковнаны сөзгө тарттык.

-- Айгүл айым, президенттин жарлыгы мугалимдер үчүн кандай дем берерин чечмелеп берсеңиз?

-- 2021-жылы 10-декабрда президенттин №557 жарлыгы чыккан, анын үч өзгөчөлүгү бар. Студенттер контракттык төлөмдөрүн 10 айга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан, 2021-2022-жылдары студенттин төлөмү кайсы контракттык суммада турса, ал үч жылга чейин көтөрүлбөйт деп президент өзүнүн камкордугу менен пандемиядан кийин студенттерге жеңилдик кылган, андан кийин майыптыгы бар же тоголок жетим балдарга бюджеттен мурда 100 балага орун берилип келсе, президент анын санын 5%га же 288 балага көтөргөн. Азыр жаштар ЖОЖдо 4 жыл окугандан көрө тезирээк билим алып, иштейин деп бир жылдык кесип берүүчү лицейлерде бекер окуп, жатаканасында жатып, бир маал ысык тамак менен камсыз болуп, университеттерде окугусу келбей калышканын моюнга алышыбыз керек. Биз бюджеттик 5%дык орунга келе тургандарга жатаканасын да бекер кылып, шарт түзүп берели деп жатабыз. Дагы бир жаңылык, мамлекеттик ЖОЖдор мамлекеттин үлүшү бар банктар менен эсеп-кысап иштерин жүргүзүүсү керек деген президенттин демилгеси бар. Биз мамлекеттик банктарды колдоп, алар менен эсеп-кысап иштерин жүргүзсөк, кайра эле мугалимдер үчүн банктардан 4-6%дык насыяларды алууга мүмкүндүк болот. Президенттин саясатын биз эле эмес, жеке менчик окуу жайлары да колдошу керек. 

-- Сиз буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары болдуңуз, азыр Кыргыз Республикасында канча окуу жайы бар? Алардын канчасы мамлекеттик, жеке менчик жана канчасы жоюлуп жатат?

-- Ушул тапта 78 жогорку окуу жайы бар, алардын ичинен 33ү мамлекеттик, 45и жеке менчик. Биздин кичинекей мамлекетибиз үчүн 78 жогорку окуу жай өтө көптүк кылат. Медициналык жеке менчик окуу жайлардын саны 22. Кышында биз ушул 22 медициналык менчик окуу жайлардын баарын кыдырып чыктык, абдан жакшы иштеп жаткандары бар, бирок клиникалык, материалдык базасы, билим берүү сапаты аксаган окуу жайлар да арбын. Окуу жайларды ирилештирүү – мезгилдин талабы. Өзгөчө Бишкекте абдан майдаланып кеткен. Мисалы, педагогикалык багыттагы окуу жайларды бириктирип койсо деле болот. Бир чоң окуу жайдын алдында калгандарын институт кылып, ошол эле студенттери, мугалимдери менен сактап калып иштетсе болот. 

-- Мектептерге 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү керектиги айтылууда. Анын маанисин түшүндүрүп берсеңиз?

-- Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин бул демилгесинде 12-класста окуучуларга кесиптик билим берүү программасы киргизилет. Мисалы, кыздар чачтарачты, балдар автоэлектрик же сантехник, слесарь кесибин билип чыкса жаманбы? Анүстүнө мурдагыдай нөлдүк билим берүү жоюлуп, окуучу дароо эле 1-класска бара баштайт. 12-классты аяктаган окуучулар Европа окуу жайларына түз тапшыра алышат. Негизи, жакшы жактары көп.

-- “Пакистан, Индиянын студенттери биздин медициналык окуу жайларында көп окушат, бирок жарандарыбыз кайра эле Индияга дарыланганы барышат” деген эл арасында сөз бар. Эмнеге деп ойлойсуз?

-- Бизде медициналык жабдуулар жетишпейт, ошон үчүн жарандар операция жасатуу үчүн башка өлкөгө чыгып кетишет. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Орто Азия боюнча ички органдарды алмаштыра ала турган медициналык клиника курулуп жатат. Аны Индия, Пакистандан студенттерди алып келген фирмалар курууда, медициналык жабдууларын да коюп бергени жатышат. Эгерде ал бүтүп, ишке киришсе, чет өлкөдөн операция жасатууну көздөгөндөр алыс барбай, өзүбүздүн Жалал-Абадга эле барышат. 

-- Сиз жакында эле И.Арабаев атындагы КМУга биринчи проректор болуп келдиңиз. Ишти эмнеден баштап жатасыз? 

-- Электрондук иш кагаздарын жүгүртүү системасын киргизип жатам. Бизде 3 корпусубуз бар. Алар Бишкектин ар кайсы жеринде жайгашкан. Мугалимдер башкы корпуска келиш үчүн убактысын жана жол чыгымын коротот. Окуу процесси буга чейин деле АВН компаниясы менен жүрүп келген, аларга кошумча функцияларды киргизип жатабыз. Президенттин тапшырмасы менен баардык ишти август айына чейин электрондоштуруу керек. Биз эки кадам алдыга басалы да. Муну менен кагазды үнөмдөп, убаракерчиликти жоюп, көзөмөлдү күчөтөбүз. Мурдагыдай электрондук почтадан же вотсаптан келген маалыматтарды кагазга чыгарып отурбай, баардыгы тармакка туташса, компьютерден эле көрүп, ишти жүргүзө беребиз. Алтургай электрондук кол коюу да ишке ашат. Азыр жетекчилик курам командировкага кетсе, кагаздарга кол коюлбай, күтүп жатып калат. Эми машинада, самолетто баратсаң деле электрондук кол коюп, ишти жүргүзө берсең болот. Мугалимдер болсо окуучулардын тапшырмасын текшерип, ошол жерден эле электрондук бааларды коё беришет. Бул ишти бир топ жеңилдетет, көзөмөлдү да күчөтөт. Мындай иштөө ыкмасына Ош мамлекеттик университети, айрым окуу жайлар эчак өткөн. Эми каалайбызбы-каалабайбызбы, баарыбыз өтүшүбүз керек. Президенттин жарлыгындагы студенттердин контрагы 3 жылга чейин көбөйбөйт, бирок кымбатчылыкка байланыштуу мугалимдердин айлыгы көбөйүшү керек эмеспи. Аны “эмненин эсебинен көбөйтөбүз? Кандай кылсак иш натыйжалуу болот?” деп анализ жүргүзүп жатабыз. Айрым адистиктер азыркы эмгек рыногуна кереги жок болуп калды, аларды кыскартып, заманга жооп бере турган адистиктерди ачуу талабы турат. Президенттин дагы бир жарлыгы менен апрель айынан баштап мугалимдердин айлыгы 80%дан 100%га чейин көбөйүп жатат. Мындан улам, педагогикалык адистикти тандаган абитуриенттер көбүрөөк келеби деген ишеним пайда болду.

-- Президент өз жарлыгында мектеп мугалимдерине басым жасады. ЖОЖдордо, колледждерде иштегендердин айлыгы көтөрүлдүбү?

-- Ооба, ЖОЖдордо иштеген мугалимдердин айлыгы 50%га, анда иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгы да 50%га көбөйдү. Бизде атайын эсеп болгондуктан, анализ жүргүзүп, кереги жок адистиктерди кыскартуу менен айлык акыга кошумча акчаларды кошсокпу деп жатабыз. Илим изилдөө институттарынын кызматкерлеринин да айлыгы 50%га көбөйдү. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер