Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: «Торугарт, Эркечтамдагы акчалар бюджетке эмес, башка жактарга кетүүдө»

Элдар Абакиров: «Торугарт, Эркечтамдагы акчалар бюджетке эмес, башка жактарга кетүүдө»

22-октябрь, 18:30
994 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды. Анда «ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылабыз» деп жазылыптыр, муну аткарса болобу?

-- 5% көп деле өсүү эмес. 8 же 10 пайыз болсо чоң өсүү катары эсептелинет. 5% нормалдуу эле өсүү. Менин оюнмча, буга жетүүгө мүмкүн. Болгону инвестициялык климатты жакшыртып, коррупцияга жол бербей, ишкерлерге максималдуу түрдө шарт түзүп берсе, муну аткарса болот. Бул өтө деле оор программа эмес. Чынында Кыргызстан кичинекей эле өлкө. Жанында чоң Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан бар. Биринчиден, биз географиялык абалыбызды туура колдонушубуз керек. Азыркы бийликтин бир айткан жакшы сөзү «темир жол курабыз» деп жатканында болууда. Албетте, ар бир келген бийлик «темир жол курабыз» деп айтып келген деңизчи, бирок ошондой болсо дагы азырынча ишенип туралы. Иштеп жаткан жаңы өкмөт дагы Кытайдан Өзбекстанга кеткен темир жолду сөз кылды. Темир жол бизге керек. Ал бизди сугарган суу сыяктуу болот. Эгер темир жол курулса, анын айланасына курулуштар түшөт, биз транзит үчүн акча алабыз, эгер туура экономикалык саясат жүрсө, анын жээгине жүздөгөн ишканалар түшүп, жумуш орундары ачылат. Темир жол курулганча деле бул схеманы пайдаланып, экономиканын абалын жакшыртсак болот. Маселен, Торугарт, Эркечтам аркылуу мамлекеттик казынага кирише алуу мүмкүнчүлүгү эбейгейсиз. Бирок бул акчалар бюджетке эмес, башка жактарга кетип жатат. 

-- Программада жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү камтылыптыр, чыныгы көрсөткүчтөр кандай?

-- Бизде жумушсуздук курч маселе. Себеби, жылына 100-150 миң бала мектепти бүтүрсө, ошонун 70 пайызы Кыргызстандын ичинен жумуш таба албай сыртка иш издеп кетишет. Жумушсуздукту азайтууну кандайча эсептегени кызык. Анткени, миллион кишиден 5 пайызды алса ал жылына 50 миң адамды эле түзөт. Расмий статистика боюнча бизде жумушсуздук 7-8 пайыз деп эле айтылат. Эгер жалпы Кыргызстандын ичинен жумуш таба албагандарды санаса, бул бир статистика, мигрант катары сыртка чыгып кеткенден кийинки жумушсуздарды санаса, бул таптакыр башка цифраны көрсөтөт. Кыскасы, муну алар кандай санаганын такташ керек. 

-- Акылбек Жапаров республикалык бюджетти 280 миллиарддан 400 миллиард сомго жеткирүү убадасын берип, бул көрсөткүч мындан дагы өсүп турарын айтууда... 

-- 2021-жылга карата биздин бюджет 172 млрд. сомду, социалдык фонддун бюджети 62 млрд. сомду түзөт экен. Ошондо «биздин жаңы премьер-министр Акылбек Жапаров 172 млрд. сомду 280 млрд. сомго көтөргөнү жатабы, же 172 млрд. менен 62 млрд. сомду кошкондо чыккан 234 миллиардды 280ге көтөрүп жатабы?» деген суроо жаралып жатат. Анткени экономист Эмил Ашымбаев «234 млрд. сомду 280ге көтөргөнү жатат» деп билдирди. Эгер ушундай болсо, бул таптакыр туура эмес. Себеби, 62 млрд. сом – бул пенсионерлердин акчасы. Ал эми 172 млрд. сом – мугалимдердин айлыгы, салына турган жолдор, армиядагы солдаттарга, ошол эле президенттик аппараттагылардын айлыгына, министрлер кабинетине жумшала турган каражаттар. Биз «ушул акчаны 280 млрд. сомго көтөрөм деди» деп таңгалып жатабыз. Бирок, «эми бир бюджет болот» деген дагы кептер айтылып жатпайбы, бул туура эмес. Социалдык фонддогу каражат – пенсионерлердин акчасы, аны аралаштыруу кооптуу. Социалдык фонд өзүнчө чоң көйгөй, мунун үстүнөн чоң реформаларды жүргүзүш керек. Анткени бизде расмий түрдө 600 миңдей пенсионер бар, 3 миллионго жакын адам жумушка жөндөмдүү делсе, анын болгону 500-600 миңи эле социалдык фондго акча которот. Калганы мигрант же көмүскөдө айлыктарын жашырып алышат. Ал эми 172 миллиардды 280ге көтөрүлүшү – бул акчанын баркы кетип жатканынын эсебинен чыгат. Баардык товарлар кымбаттап, сомдун наркы кетүүдө. Ошондуктан бул жерде эч кандай өсүү жок. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер