Гезит менен кошо сен дагы жиниңди, желиңди чыгарып отуруп калчусуң…
Кат келди. Почтама. Электрондук почтама. Ал «тыңк» этип эле келип калат. Бир паста. Электрондук каттардын бир айырмасы ошол, алар жол жүрбөйт. Чарчабайт. Күттүрбөйт. Алар эбак электрондук талаасынын, дүйнөсүнүн ичинде болот. Ага тийип койсо, дарегин туура берип койсо болду. Ошол ирмем ордунда болот. Күндөп-түндөп жолго чыкпайт. Шаарларды, өлкөлөрдү, талаа менен токойлорду кыдырбайт, аралабайт. Мурда айлап кат күтөр элек. Мен көрсө эс киргени бир жактан кат күткөнсүп чоңоюпмун. Атамдан, алыска кеткен агам Акандан, катышпай калган Өзгөндөгү туугандардан, Көлдөгү тайларымдан, алыстагы аяш аталардан… Мен дайыма жаңылык күтүп жашачумун. Үйгө, короого бирөөлөр келип калганды жакшы көрөр элем. «Кокуй, үйдү жыйна, келатат!» дегенде жүрөгүм жарылчудай «ким болду экен» деп, «биздин үйгө ким келди» деп бутум үзүлгөнчө үйлөрдү жыйнап кирер элем. Мага алар негедир керек эле. Биздин үйгө келип калган жакшы адамдар жүрөктүн дарысындай керек эле! Баарыбызда ошол санаа бар эле. Бир жылы ошол үчүн улуубуз Мончок эжем артисттей аткарып, атайылап кемпирдей кийинип, бизди сүйүнтмөккө эки чоң сумка көтөрүп, биздин короого «конок» болуп кирген. «Алыстагы туугандар келди!» дегенде алиги апаны бир карап алып, ошол эжемдин өзүн издеп сайды көздөй чуркагам... Мага, аштымкананын бурчунда эки чоң сумкасы менен туруп калган, чарчаган, карааны кымбат ошол «кемпир» элеси өмүр бою эсте калды. Кап десең, ошол кемпир, алыстан чарчап келген ошол байбиче бизге чындап эле жакындардын бири болуп чыкса эмне?.. Бирок ал балалыктын сыйкырындай эсте калды. Анан да жалгыз атамдан бөлөгү баары кийин үйгө келишти. Кийин-кийин... Көрсө, баланын, кичинекей жүрөктөрдүн чоң күтүүлөрүндөй таза, тунук, ыйык нерсе аз болот экен. Балдардын ошол каалоолору көбүнчө аткарылса экен. Биз аларды түшүнсөк экен!
Ошентип бүгүн кечте мага кат келди. Капыстан эле. «Кылт» этип, «тыңк» этип. Карадым. Электрондук почтамды. Мамат байке экен, Сабыров. Сүйүндүм. Анткени адам өмүр бою жаңылык күтө берет экен. Ошентип жашайт. Дагылечи. Кат күтүп. Жаңылык күтүп. Жакшы нерсе, жакшы кабар күтүп. Келсе сүйүнүп. «Жакшыбы? - дейт анан Мамат байке. – Чыгармачылык кантип атат? Швейцария, Женевада кандай? Жашоо кандай? Ушулардан гезитке кичине кобурап бербейсиңби?» деп. Мамат байке ушинтиптир. Кесиптешим. Далай бирге иштешкен, жакшы көргөн агам. Кантип «жок» дейм. «Макул» дедим. Бирок, жаман жери «эртең гезит чыкчу күн эле, бүгүн бер» дейт. А мен бүгүн алакандай ушул кат баянын берип турайын. Женевада жазуулардан эмки санга берейин. Гезит чыккан күндөрдү эстедим. Гезит менен кошо сен дагы жиниңди, желиңди чыгарып отуруп калчусуң… «Өх» деп алып, кийинки санга жөнөчүсүң.
Эмесе эмки жазуум, кийинки планыңа огожо болсун, Мамат аке. Катка рахмат! Кат ушинтип катыштарга жан киргизип, жакындатып турат экен.
Жеңишбек Эдигеев
"Азия Ньюс" гезити