Софи Лорен сулуу менен көлүбүздүн жээгинде шаарды элестетип, кыял менен жашачу элек...

“Сөздү орду келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт”
(Кыргыз эл макалынан)
Ооба, өз убагында айтылган сөзгө эмне жетсин! Анткени, кыргызда “жакшы тилек – жарым ырыс” деген да сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, президент мырза көптөн бери айтылып келе жаткан Асман инновациялык шаарын куруу аземин баштап жатып, улуттук пессимист-нигилистерге кайрылып, атайын айткан сөзү өзгөчө эсте калды. Билбейм, кимде кандай ой бар экенин, бирок мен үчүн бул окуя азыркы учкул мезгилдин өзгөчө символу катары ачык жана реалдуу көрүнүш болуп жатканын жүрөгүм менен сезип, өзгөчө сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени, керемет көлүбүздүн жээгинде өткөн балалык кезибиз эске түшүп, ошол кезде биз дагы эл катары кыялданып, Адриатика деңизинин жээгинде асман тиреген мейманканада эс алып жүргөн Софи Лорен сулууну элестетип, “биздин да көлүбүздүн жээгинде ушундай шаарыбыз болгондо, балким, ал жылдыздуу айым бизге да келип кетмек” деген кыял менен жашачу элек...
Андан бери жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да иш жүзүндө, өзгөчө “кыйратып – кайра курууну” тандап алган батышчыл демократ-демагогдордун, каракчы жана чыккынчы-феминисткалардын, айлакер аферист жана бекерпоздордун заманында ал кыялдарыбыз ишке ашмак турсун, тескерисинче, жоо чапкандай кыйраган өнөр жай, айыл чарба жана социалдык тармактарыбыздан ажырап калган уул-кыздарыбыз карыган эне-атасын жана жаш балдарын багыш үчүн асты Америкага, арты орустарга жана казактарга чейин малай болуп жалданып иштеп, оокат кылып жүрүшүп, дагы Кудай бар экен, Жараткан сүйгөн момун элин, бейиштин төрүндөй керемет жерин жана өздөрүн да жогорку даражалуу инсан катары сактап калууга үлгүрүштү.
Айтайын дегеним, азыр эми ошол кыйын кезеңде элдин эсебинен байыган көрпенделерге алдырбай, керек болсо сөз менен гана эмес, мыйзам ченемдүү иш менен тартипти сактоого жетишсек, кылым карыткан улуу кыргыз элибиздин келечеги кең жана зоболосу бийик экенин турмуш өзү дагы бир жолу дүйнө элине далилдеп бере алат деп ишенимдүү айта алам. Ал тууралуу Арстанбек атабыздын илгери эле “элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп айтканы күбө болуп турбайбы!.. Учурдан пайдаланып мен дагы өз сөзүмдү замандаштарыма айтып, ыйык Ысык-Көлүбүз тууралуу көргөн-билгендерим менен бөлүшкүм келет.
Ооба, өткөн кылымдын 50-жылдарында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын алдында тынч булуңдун жээгинде жайгашкан Совминдин эс алуу резиденциясы бар эле. Кийинки жылдары, өзгөчө эркин эгемендүүлүктүн эйфориясына мас болгон бийликтин 2-эшелондогу өкүлдөрү да шаардын берки күн батыш жагындагы белгилүү балдар санаторийине чейинки Куу-Булуңду да ээлеп алышып, катар-катары менен бетондолгон дубалдарын тургузушуп, жергиликтүү эл ээн-эркин көлгө чыга албай калган эле.
Мени ушул убакытка чейин өзгөчө таңгалдырганы – биз ошол эгемендүүлүктүн эйфориясы менен табият тартуулаган байлыгыбызга ээ боло албай, арсыз бийликтин алешем саясатын көрүп-билип турсак да, эмне себептен ушул убакытка чейин баш көтөрбөй, моюн сунуп, унчукпай жүрө бергенибиз өзгөчө тынчсыздандырат. Анткени кыраан кыргыз элибиздин чыгаан уулдарынын бири Исхак Раззаковдун “кылмыш жазаланмайын коом тазаланбайт” деп айтканын эсибизден чыгарбасак деп ойлойм.
Дагы Кудайга шүгүр, эми минтип, заманыбыз өзгөрүп, жаңыланып, элибиздин жайкы эс алууга карата көрүлгөн чараларын утурлап “президент Чолпон-Ата шаарында коомдук эс алуу паркын ачты” деген кабарды угуп, бир чети кубанып, экинчиден, “кайсы парк болуп кетти экен?” деп атайын барып көрүп келүүгө бел байладым.
Чынын айтуу керек, көргөн көзүбүзгө ишенип-ишенбей, чыныгы эл эс ала турган парк – так ушундай жөнөкөй, жагымдуу жана көрктүү болушу керек болчу деген кубанычтуу оюмду урматтуу президент мырзага элибиздин атынан, өзгөчө ошол эл сыйлаган чолпон-аталык аталарыбыздын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдирип коюшубуз керек го деген чечимимди көңүлүмө түйүп койдум.
Мындай ойдун пайда болушу да мен үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин ушул жерден өзүңүздөргө атайын айтып коюшум керек болуп турат. Анткени өткөн турмушта болгон дагы бир табышмактуу окуяга кайрылсак, ошол күнү эртең менен эрте туруп балыкка барчу Ыбрай байкебиз кечинде үйгө келбей калат. Ана келет, мына келет деп күтүп отуруп, түн кирип кеткенинен тынчсызданып, милицияга барсак (буга ишенүү да кыйын), “агаңар Турусбеков Ыбрай камакта отурат” деп айтышты. Көрсө, ал киши көлгө бараткан жолдо Совминдин эс алуу жайын улап, анын жанындагы кичинекей Кара-Көлдү да бетондолгон дубал менен тосуп коюшканын көрүп, “бул эмне кылганыңар?” деп сураса, тиги элдик милициянын кызматкери тамашалап, “ал сенин ишиң эмес!” деп коёт. Анын орой жообуна териккен агабыз байкабастык кылып ага катуу сүйлөп койгон окшойт. Аны угуп, иштин жайын түшүнгөндөн кийин, алардын начальнигине кирип, кечирим сурап, айыбын төлөп, түн оогондо гана үйгө келгенибиз эсибизге түштү.
Ооба, бул окуя барыбыздын башыбыздан өткөн ачуу чындык. Ал ачуу чындык эми гана урматтуу Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен ачыкталып, табият тартуулаган элибиздин энчиси эми-эми гана ээсин таап, элибизге кызмат кыла турган сыяктанып калды көрүнөт, жаңылбасам... Анан мен кантип кубанбайм?! Айланайын калайык калк, кадырлуу кыргыз элим, чынбы, айткылачы?..
Жаңы ачылган паркты көрүп, кубанычым койнума батпай, жолдо келатып шаар мэриясына атайын кайрылып, паркыбыздын мындан аркы тагдыры кандай болорун, аны канткенде келечек муунга татынакай кылып тапшырып коюшубуз керек экенин ойлоп, бир мүнөт болсо да кирип чыгууну чечтим. Анткени ал жаш жигит, менин угушума караганда, бийликтин жаңы орун алмашуу жолу менен түштүк тараптан келгени маалым эле. Экинчиден, бул парктын өзгөчө көркү болгон – чакан Кара-Көлүбүздүн сыйкырдуу сыры эмнеде экенин айтып коюш, албетте, менин ыйык милдетим.
Жогоруда эскерилгендей, Ыбрай агабыз так ушул Кара-Көлдүн жээгине эртели-кеч келип, балык уулап отурар эле. Ал убакта чоң Ысык-Көл менен кичинекей Кара-Көлүбүз канал аркылуу байланышып, өзгөчө түнү бою каналга ойноп чыккан алтын балыктар ушул көлүбүздүн сыйкырдуу сыры болуп калганын бизден башка ким билет?..
Ал эми азыркы табияттын мыйзам ченемдүү жолу менен алганда, эки көлдүн ортосу бир аз алыстап, кичинекей Кара-Көлүбүздүн жээктери да бир аз саргыч тартып баратканы байкалат. Ооба, элибиздин эс алуу жайы дайыма таза жана жагымдуу болуш үчүн эки көлүбүздү кайра кошуп койсок, экология өзүн өзү тазалап алат. Ал анча деле чоң көйгөй эмес. Болгону, азыртадан ошону эске алып, паркты шаардын балансына кабыл алуу менен бирге ошол ишти да кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүп коюу зарыл экенин айтып, урматтуу президент мырза ишенип берген кереметтүү белегин татыктуу күтүп алалы. Анткени бул кичинекей көлүбүздүн илгертеден бери келаткан сыйкырдуу сыры – анын алтын балыгы! Ал балык таза сууда гана жашайт. Болбосо бир-эки жылдан кийин бул жерге эч ким келбей калат. Ошондуктан, жалпы журтка жана президент мырзага уят болбой, ушуну алдын ала так аткарып коюу абдан зарыл болуп турат (!) деп, ишине ийгилик каалап чыгып кеттим.
Азыр болсо кичинекей Кара-Көлүбүздүн чок ортосунда жайгашкан аралчада кадимки жомоктогудай сырдуу, дүпүйгөн эмен багын эртеден кечке чейин айланып баскан, бири бирин селфиге тартып кубанышкан бактылуу балдарыбыздын аягы үзүлбөй калды...
Ушунун барын көрүп отуруп, аргасыздан, “биздин ата-бабаларыбыз да ушул ой-тилектерин айтышып, өздөрүнүн кийинки муундары үчүн ушул кереметтерди атайын сактап калышса керек деген ой мени өзүнө бекем байлап алганын сезип жүрөм. “Кудай эми бизге ушул кереметибизди кут кылсын!” дегенден башка дагы эмнени айтам?..
Ооба, ошол себептен урматтуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, куттуу элибиздин атынан сизге терең ыраазычылыгымды билдирип жана ишиңизге ийгликтерди каалайм!
Сизге терең урматым менен,
Карыбай Турусбеков,