Экинчи аял менен бактылуу болуу – өзүңдү алдоо экен...
Эми ойлосом, болбогон эле майда-барат нерселерден урушуп, көңүлүбүздү калтырыптырбыз. Ашыкча кызгана берчү экенмин. Он жыл жашап, алгачкы сүйгөнүм менен ажырашып кеткенбиз. Ал байкуш жоош, назик болчу...
Эки жылга жетпей кайра башкага үйлөндүм. Көп өтпөй эле ыркыбыз келишпей калды. Бул аялым оңдуу чыкпай, тили узун болуп, чатакка жакын экен. Анан калса, мурдагы тааныштары чала берет. Кээде себепсиз эле жарым күндөп жок болуп кеткеничи? Айтор, азабымды бере баштады. Үйгө туугандары да көп келип, жатып ичкен кайын журтка кыжырым кайнатып бүттү. Бир жылдан ашканда дагы ажырашып тындым...
Учурда эмне кыларымды билбей жүрөм. Башында кыз-келиндер менен сүйлөшсөң эч нерсеси билинбейт. Турмуш кургандан кийин эле балээнин баары чыгат тура. Азыр да бир кыз менен сүйлөшүп атам. Кайра үйлөнүш керек. Же биринчи аялыма барып, кечиришип, жарашсамбы? Үч баламды сагынам...
Рамис
Aryba.kg