Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Акунов: “Инвесторлорлорду финпол, прокуратура жана салыкчылар “тоноп” атышат”

Урмат Акунов: “Инвесторлорлорду финпол, прокуратура жана салыкчылар “тоноп” атышат”

14-февраль, 11:47
1 683 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Урмат иним, жаңы президенттин кадрдык маселелери боюнча оюңду уксак?

-- Кадр маселеси президенттин аброюн күндөн-күнгө кетирип атат. Башкасын айтпайлы, өкмөттү сунуштаганы, Бишкек шаарынын мэрин тандоосу. Анысы аз келгенсип, “шайлоодо иштеп бердик” деген негиз менен ар бир орун талашуулардан ички сырлар сыртка чыга баштагандай. А чын-чынына келгенде шайлоодо бир да бай же бир да чиновник элге бара алган эмес. Эл өзү Садыр Жапаровду шайлап берди. Аны эч ким колко кылбаш керек. Мурунку Сооронбай Жээнбековдун маалындагы “Ормон опуза” б.а., “биз шайлоодо иштеп бергенбиз” дегенди азыркы Садыр Жапаровго да колдонуп атышат. 

-- Президент учурда ишти эмнеден баштаса дейсиң?

-- Президент кайсы ишти баштабасын, өтө оор. Биринчиден, мамлекет өтө эле коррупциялашып калган. Экинчиден, өзүнүн айланасындагы адамдардан премьер болбогону да бир аз ишти жылдырбай жатат. Азыр премьер-министр, президент өздөрү иш баштай албай отурушат. Менимче, Садыр Жапаров учурда баардык ишти жыйыштырып туруп, айыл чарба багытында иштерди колго алуу менен баштаса, мисалы, күйүүчү майларды, сапаттуу үрөндөрдү жана жер семирткичтерди толук камсыз кылуудан баштаса оң болгону турат. Ошону менен бирге дыйкандарга баардык шарттарды түзүп берсе дейм. Андан соң инвесторлорду колго алуу кажет. Ички инвесторлорду чогултуп, “кандай кылабыз? Ишти эмнеден баштайбыз? Канткенде экономиканы көтөрөбүз?” десе болмок. Ошондо ар бир инвестор шартын айтмак. А бизде болсо инвесторлорду үч орган: финпол, прокуратура, салык инспекциясы “талап-тоноп” атышат. Булардын “талоосуна” калтырбаш керек эле. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер