Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы Марлис Асанов Бишкек ШИИБни жетектейби?
Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай аксап калганы жашыруун эмес. Ордуна ИИМдеги олуттуу полковник каралбай, Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асановдун аты угулуп, “кулагы” көрүнө баштады. Бул эргул Чүй ОИИБнин орун басары болуп турганда Жайыл РИИБнин ичинен чырактай кыз Бурулай бычакталып өлтүрүлгөн. Бир катар жетекчилер менен Марлис Асанов да шалаакылыкка айыпталып, кызматынан кеткени факт. ИИМдин экс-орун басары Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы болот. Билими, тажрыйбасы талапка жооп бербейт. Айтмакчы, 2017-жылы Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келгенде балдары, туугандары сабалып, аёосуз кордолушуп, камалышкан. Ошол операцияны Данияр Абдыкаров уюштурганы, андагы Биринчи Май РИИБнин орун басары Марлис Асанов ырайымсыздыкта буйрук аткарганы, күнөөсүз балдарды тепкилеткени териштирилеби? Дал ушул суроого жооп бере алабы?.. Эгерде Бишкек ШИИБ начальнигине секирик жасай турган болсо, чо-оң чуулганга айланып, жаңжал чыгып кетпейби? Сабыр кылып, күтө туралы...
"Азия Ньюс" гезити