Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Касмамбетовдун көлөкөсүндө калган Иманкулов, Сарыгуловдун камчысын чапкан Мураталиев боюнча...

Касмамбетовдун көлөкөсүндө калган Иманкулов, Сарыгуловдун камчысын чапкан Мураталиев боюнча...

27-август, 23:24
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Идеологияны көтөрө турган мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун эмне кылып атканы белгисиз. Кыргыз тилди өнүктүрүүчү Мелис Мураталиев жомок айтып жүрсө, улуттук баалуулуктардын аксаганы ушулбу? Мындай шартта радикалдуу динчилдердин үстөмдүгүнө кантип каршы турабыз?


Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Сүйүнбек Касмамбетов жакшы мамкатчы эле. Ал киши иштей турса болмок. Алгылыктуу, омоктуу ойлорун айтчу, идеологияны тереңден түшүнгөнүн билет элек. Марат Иманкулов өзү жакшы жигит, “тарс-тарс” бетке айтканы жагат. Аскер адамы болгондон кийин кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын Сүйүнбекче биле бербейт да. Бир учурда Чубак ажы менен жүрүп калганын көрүп, “эмне, сопу болуп алганбы?” деп өзүмө суроо салгам. Иманкулов бул кызматты тартып кетеби же кетпейби, аны убакыт көрсөтөр. Мурунку кызматы эле жакшы болчу.

Ал эми Мелис Мураталиевди жакшы билем. Аракети бар. Эне тилибизди өнүктүрүү зарыл. Колдон келсе, баарыбызды кыргызча сүйлөтүү боюнча жакшы иштерди жасаса деген тилек. Көчөдө илинген көрнөк-жарнактарга көз чаптырам. Кыргыз тили жок эмес бар, бирок басымдуусу англис, же орусча бакырайып турат. Бул Мелистин түздөн-түз жумушу да. Иш менен өзүн көргөзүшү керек. 


Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер:

-- Бийлик өкүлдөрүнүн улуттук баалуулуктар боюнча стратегиялык багыты, өнүгүү көз карашы жок болсо, ар кандай жомокторду айтып жүрүшсө, каршы тура алабызбы? Марат агайыбыз мамкатчы катары коомчулуктун башын бириктирип, бир багыттуу, эл аралык деңгээлде көрүнүктүү алып барган иш-чараларын көргөн жокпуз. Мелис Мураталиев көп жылдары Дастан Исламович Сарыгуловдун жардамчысы болуп, камчысын чаап жүрдү. Бирок, Манас атанын байрагын жеке кызыкчылыгынан өйдө алып кете албай атат. Биздин бир чоң гана тарыхий байлыгыбыз – бул Манас эпосу. Элди андагы руханий балуулуктарына алып келүү ошол эле мамкатчынын жана Мелис инимдин бирден-бир жумушу болушу керек.

Тилекке каршы, мамкатчы катары Иманкулов мырзанын элдин көңүлүн өзүнө бура турган, идеологиялык байрак болуп калчу сунуштарын азырынча көрбөй атабыз. Дегинкисинде, коомчулукка жарыялаган чоң маселелерин укпадык. Мамкатчы бийликтин, элинин саясый жана руханий байлыктарын, туусун бийик көтөрүп, эл алдында, ат жалында болушу керек. 


Тимур Саралаев, саясый серепчи:

-- Чынында эле бизде идеология жаатында боштук бар. Тил, тарых, улуттук баалуулуктар – бул мамлекетти бекем кармап турган пайдубал. Эгер ушул тармактарга жетиштүү көңүл бурулбаса, боштукту башка күчтөр, анын ичинде радикалдуу агымдар толтурушу мүмкүн.

Ошондуктан бул багыттагы иштерди сөзсүз күчөтүү зарыл. Кыргыз тилин заманбап деңгээлде жайылтуу, тарых менен маданий мурастарды жаштарга жеткиликтүү кылып түшүндүрүү, натыйжада, коомдук аң-сезимди бекемдөө керек. Ошондо гана коом идеологиялык жактан күчтүү болуп, ар кандай коркунучтарга туруштук бере алат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер